Эвакуатор «бизнесинен» мамлекет 10 млн сом зыян тарткан

ИИМ Жол коопсуздугун сактоо башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Болжолдуу маалыматтарда алардын мамлекетке келтирген зыяны 9,8 млн сом деп белгиленди.  

Эвакуатор "бизнесинен" мамлекет 10 млн сом зыян тарткан

Кылмыш ишин Башкы прокуратура Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүу кызматы менен биргеликте аныктаган.

Жол коопсуздугуна каршы башкармалыгынын кызматкерлери уруксат берилбеген жерге токтоп, тартип бузган унааларды жүктөп кетүүчү эвакуатор сатып алууга конкурс жарыялаган.

2017-жылы ал конкурсту жүргүзүүдө кызмат көрсөтүү акысы 1 сом деп мыйзамсыз жарыяланган.  Андан кийин Жол коопсуздугу боюнча башкармалыгы “Портал групп” аттуу ЖЧК менен түзгөн келишимде ошол эле кызматтын баасы 1350 сом деп көрсөтүлгөн.

Айыпка жыгылган унаа токтотулуучу жайдан айып пул төлөбөгөн да унаалар  чыгарылып тургандыгы аныкталды. Эвакуацияланган унаанын саны 306 деп көрсөтүлсө, иш жүзүндө 106 машина гана катталган.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөгө жиберилди.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты