Конституциянын коомдогу орду

Конституциянын коомдогу орду

“Кереге” жалпы адамзаттык баалуулуктар фондунда “Заманбап коомдогу Конституциянын орду” аттуу тегерек стол  5-майда өттү. Анда модераторлук милдетти Искендер Ормон уулу алып, тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов, “Полис Азия” аналитикалык борборунун жетекчиси Элмира Ногойбаева, “Кыргыз Концепт” компаниясынын негиздөөчүсү Эмил Үмөталиев жана журналист Нарын Айып катышты.

Катышуучулар Конституциянын маңызы, 5-май – жөн гана эс алуу күнүбү же укук коргоо күнүбү, кыргыз коомчулугу Конституцияны канчалык деңгээлде урматтайт, анын жоболору канчалык деңгээлде иштеп жатат, мыйзам сактоо маданияты орношу үчүн эмне кылыш керек деген суроолорго жооп беришти.       

Маалымат үчүн:

Конституциянын коомдогу орду

Искендер Ормон уулу

Алып баруучу Искендер Ормон уулу дүйнө өлкөлөрүндөгү Конституция тууралуу кызыктуу маалымат берди.  Алсак: 

Конституциясы (атайын бир баш мыйзам) болбогон мамлекеттер:
Англияда — Common Law-жалпы укук системасы;

Израилде — 12 мыйзам жана Газзеге байланыштуу мыйзам;

Сауд Арабиясында — Куран жана Мухаммед (САВ) пайгамбардын сүннөтү Конституция ордуна пайдаланылат;

Ливияда — Куран;

Сан-Маринодо — 1600-жыл ичиндеги Сан Марино мамлекетинин статусун аныктаган келишим;

Швецияда — 4 мыйзамдан турат;

Иранда — Куран жана Конституция пайдаланылат.

Конституция күнү майрам күн катары белгиленген өлкөлөр: —Дания,  Норвегия, Польша, Венгрия, Уругвай, Мексика, Испания, Кыргызстан, Армения, Азербайжан, Украина, Өзбекстанда Конституция кабыл алган күн майрам күн катары белгиленет. Ал эми Түштүк Корея 2008-жылдан, Россия 2004-жылдан бери эс алуу күн катары белгиленбей калган.

Эң көлөмдүү Конституция:
—Индиянын Конституциясы— 395 берене, 12 тиркеме, 117400 сөздөн турат.

Көлөмү эң кыска Конституция:
—1787-жылдын 4-мартында кабыл алынган АКШнын Конституциясы 7 берене, 4400 сөздөн турат

Эң байыркы Конституция:
—АКШныкы.

Эң туруктуу Конституция:
—Жалпысынан 27 кошумча жана өзгөртүү киргизилген АКШнын баш мыйзамы.

Эң жаш Конституция:
—2017-жылдын 16-апрелинде кабыл алынган Түркия мамлекетинин баш мыйзамы.

Зайнидин Курманов:

Конституциянын коомдогу орду

Зайнидин Курманов

—Конституциялык реформадан улам конституциялык өнүгүү темасы биз үчүн кайрадан актуалдуу болууда.  Жогоруда айрым мамлекеттер Конституцияны кабыл албай турганы айтылып кетти.  Баш мыйзам бул бир канча мыйзамдардын жыйындысы, ал коомдун бардык бөлүгүнүн колдоосу менен кабыл алынчу документ, мамлекет жашай турган негизги эреже. Мисалы, Израилде Конституция боюнча коомдук келишимге келе алышкан жок. Конституциянын кереги жок деген олуттуу күчтөр бар эле. Жаңы Зеландия, Улуу Британия,  англо-саксон салты Конституция жазышпайт. Эң туруктуу Конституция— америкалыктардыкы.  200 жылдан ашык убакытта 27 гана өзгөртүү киргизилген.   Анткени аны 12 жыл жазышкан. Бизге окшоп алар 2-3 жумада жаза салышкан эмес. Жалаң классиктер, Томас Джефферсон, Линкольн ж.б. конституциялык укуктун белгилүү адистери жазган.
Конституция туруктуу болсун десек, ал терең ойлонулуп жазылышы керек. Конституция 3 окуу менен кабыл алынат,  ар бир окууга эки айдан берилет, мыйзам чыгаруучулар үчүнчү окууда гана өзгөртүү киргизиши керек. Бирок бизде бул принцип сакталбай калды, үч окууну жарым саатта бүтүрүп, кабыл алып калышты. Бул окуулардын маңызы — Баш мыйзам эл үчүн жазылып жаткандан кийин, мыйзам иштеши үчүн сапаттуу болушу керек. Биз, Жогорку Кеңештин 4-чакырылышынын депутаттары, 1, 2, 3-окуудагы принциптерди жакшы сактачубуз. Азыр ал принцип бузулуп, документти ошол замат эле кабыл алып жатышат. Эгер бийлик алмашса, Баш мыйзамга кайрадан өзгөртүү киргизишибиз керек болот. Өзгөртүүлөрдү азыркы заманга ылайыкташтырыш зарыл.
Баш мыйзамдагы негизги укуктар боюнча айтсак, мисалы, жарандык укук адам төрөлгөндөн эле берилет.  Бирок мыйзам бузса, анда жарандыктан ажыратылат. Мисалы, азыр Россияда бул жөнүндө талкуулар болуп атат, бул Сирияга, ИГИЛге кирип кеткен жарандарыбызга байланыштуу, коопсуздукту сактоодон улам чыгып жатса керек. Андай көйгөй Казакстанда да көтөрүлүүдө.
Дагы бир нерсени айта кетейин: БУУга мүчө болгон өлкөлөрдө адам укугу эл аралык институтка баш ийет. Ар бир мамлекет башчысы бул жаатта өз билгенин жасай албайт.  Эл аралык укуктарга 5 миң жыл болду. Ошондуктан дүйнөдө эл аралык укук локомотив болуп эсептелет. Конституциялык укук боюнча мурунку окутуучу катары мен жана башка юрист окутуучулар азыр ыңгайсыз абалда турабыз. Биздин Конституциянын негизинде биз илгертен окутуп келаткан Конституция теориясы жокко чыгарылууда. Азыркы Конституциябыз тең салмактуу болбой, борбор менен аймактардын бирдиктүү системасы сакталган эмес. 9 жолу Конституцияны өзгөртүп, биз КМШ мамлекеттеринен бул жагынан озуп кеттик. Грузия гана 9 жолу өзгөртүп, биз менен атаандаша алат. Бирок эл аралык масштабда алганда Баш мыйзамды өзгөртүү жагынан биз “рекордсмен” эмеспиз, бул жагынан Латын Америка мамлекеттеринде, Аргентина, Венесуэла, Перуда ар бир жарым жылда же бир жылда алмашылып турган. Бул мамлекеттер согуш диктатурасы учурунда жашап келип, ар бир согушчан диктатор Баш мыйзамды өзүнө ылайыктап өзгөртө берген. Согуш диктатурасы токтоп, эми саясий абал турукташты, Конституциясы да туруктуу болуп калды. Конституция кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы менен жазылса, ал туруктуу болбойт. Биздин конституциялык реформанын маңызы да кайсы бир топтун, адамдардын саясий дымагын канааттандыруу үчүн жасалып келет.  Бирок андай Баш мыйзам алыска бара албайт, эртедир-кечтир өзгөртүлөт. Латын Америкасынын мисалы бизге да сабак болушу керек.

Элмира Ногойбаева:

Конституциянын коомдогу орду

Элмира Ногойбаева

—Айрыкча биздикине окшогон коомдо Конституцияны кабыл алынган күн майрам катары белгилөө маанилүү болушу керек. Анткени бизде көпчүлүк эл демократия, Конституция деген түшүнүктөрдү анча түшүнө беришпейт. Майрам эмне үчүн керек дегенде, ошол күнү биз Конституциянын маанисин эстеп, аны элдин арасында таанытып, укуктуу мамлекет, демократиянын негиздери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзсөк. Конституция эмнеге керек деген суроого мындай жооп берет элем: Адам жашаган коомдо баарына бирдей таандык жалпы эреже керек, анткени мамлекеттеги ар бирибиз ар кандайбыз. Мисалы, жолдо жүрүү эрежелери тууралуу эле айтсак, мындагы эрежелер басаңча тартып калганда, жолдорубузда болуп жаткандай башаламандыктар өкүм сүрөт. Эл эрежени сактабай калганда кырсык, башаламандык болот. Бул жагынан Франция бизге окшошуп кетет. Ал жакта да мурунку кылымдарда урууларга бөлүнүп, өз-өздөрүнүн мыйзамдары болуп, ал көп көйгөйлөрдү жаратып келген. Бул проблемаларды чечүү үчүн алар Наполеон кодексин ойлоп табышкан. Кийин ал Конституцияга айланган. Алар ар бир уруунун өзүнүн мыйзамдарын урматтоо менен бирге,  жалпы өлкөнүн ынтымактуу, жаркын келечеги үчүн жалпыга таандык баш мыйзам же жалпы оюн эрежеси керек деп Наполеон кодексин кабыл алышкан. Бул жөнөкөй, бирок туура чечим болгон деп эсептелет.
Өлкөбүздүн Конституциясы болгону менен, коомчулук ал документ эмне үчүн керек экенин билбейт. Ошол эле кезде коомчулук кандайдыр бир норма керек экенин билип турат. Жалпы эреже, Конституция болбосо, көйгөй арбын болот.

Эмил Үмөталиев:

Конституциянын коомдогу орду

Эмил Үмөталиев

—2010-жылы биз Конституцияны алаарын алдык, бирок баарын унутуп койдук. Ошол жылдары бизде мамлекеттүүлүк урап жатат дегендер чыккан. Кудайга шүгүр, мамлекеттүүлүгүбуз урабай эле сакталып калды.  Эгер мусулмандар Куран окуса, жаран билимдүү болсо күнүнө Конституцияны барактап турганы оң болот деп айтып келдим. Өзүм да көп жыл бою тытылып калгыча Конституцияны чөнтөгүмө салып жүрдүм. Мына, жети жыл болду, Конституцияны  унуттурганга аракеттенген күч жеңип кетти. Мунун артынан коркунуч келиши мүмкүн.
Конституция кабыл алган күндү биздин компания майрамдабай эле келатабыз.  Майрамдап, бирок анын маңызын унутуп, коомчулукка формасын фетиш кылуунун кажети жок.  Андан көрө биздин кызматкерлер атаандаштыктан калбай иштесин дейбиз. Азыркы дүйнө тез алмашып жатат. Бүт дүйнө өзгөрүүгө умтулуп жатат. Өзгөргөн дүйнөдө ким пайда табат, ким артта калат, бул чоң жарышта кыргызстандыктар “уктап жатканда”, дүйнөдө кылымдык атаандашуу башталды. А биз, кыргыз эли, кыжылдашып турабыз. Жарандыкты алып салуу дегенде бир мисалды айта кетейин. Ли Куань Ю жашыраак кезинде жаштар, жаш таланттар сыртка кетип атканда анын себебин премьер- министрден сураса, ал бизден жаштар эмес, көйгөйлөр кетип жатат деген экен. Демек, жарандыгынан айрылуу дагы бир көйгөйдүн башы, кыңк десең жарандык укугуңан айрыласың деген курал болот. Андай өлкөлөрдө эл аралык долбоорлордун саны, техникалык мүмкүнчүлүктөр азаят, дүйнөлүк турмуштан изоляцияланат.

Зайнидин Курманов:

—Айрымдар неолиберализм кризиси болуп, либералдык баалуулуктар кемип атат деп айтып жатышат. Дүйнөдө либерализм кризиси болгон жок. Тээ илгери эле, жүз жыл мурда, биздин ата-бабаларыбыз Тынышбаев, Ишеналы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков ж.б. “Алаш” аттуу либералдык партия түзүп, күрөшүп келишкен.
2006-жылы биз Фридрих Эберт фондунун колдоосу менен 1200 адамды сурамжылоо жүргүзсөк, ага катышкандардын 28 пайызы гана өздөрүн жаран деп эсептешкен, калгандары  уруулар  белгисин алып жургөндөр болуп чыккан. Коомдогу мына ушул 28 пайыз коомдун жооптуу, аң сезимдүү жарандары.
Сауд Арабиясы тууралуу айтылып кетти, бирок алар да Бириккен Улуттар Уюмунун принциптерине каршы чыгышпайт. Азыркы күнгө чейин бир да мамлекет БУУнун курамынан чыккан эмес. Анткени БУУ келечек уюм экенин билет, келечекте дүйнөлүк өкмөт түзүлүп калаарын баары эле божомолдоп жатышат. Мына ушундай мисалдарды биз сабак катары алышыбыз керек. Бизде болсо Баш мыйзамды 2020-жылга чейин өзгөртпөйбүз деп туруп, акыркы кезде чечимди бузуп жиберишти.
Ал эми биздин улуттун алдыңкы өкүлдөрү Сыдыков, Абдрахманов, Арабаев, Айдарбеков ж.б. 1922-жылдан баштап билек түрүп киришип, 1924-жылы Кыргыз автономиялуу областтын Конституциясын кабыл алуу маселесин коюшкан. Ал тургай автономиялуу республиканын да Конституциясы болбой турган убакта! Бул маселени съезддин күн тартибине алып чыгышкан. Ошон үчүн алар репрессияга туш болушкан. 67 беренеден турган Конституцияны Абдрахманов жазып чыккан. Алар Конституцияны кабыл алуу идеясын улам көтөрө беришкен. Юристи, жогорку билимдүүлөрсүз түзүлгөн Конституцияны алар өздөрү жазып чыгышкан. Бул 1929-жылы кабыл алынып, 1937-жылга чейин иштеген. Биздин бабаларыбыз мына ушинтип талыкпай, эр жүрөктүүлүк менен мамлекетибиздин жаркын келечегин курууга умтулушкан. Ал эми азыр конституциялык кыймыл деген жок. Башка өлкөлөрдө мындай Конституциялык кыймыл бар.

Нарын Айып:

Конституциянын коомдогу орду

Нарын Айып

—БУУ экинчи дүйнөлүк согуштан кийин улутчулдук болбосун деген принципте түзүлгөн.
Биздин Конституция эл аралык укуктан өйдө болуп калууда. Бул кабыл алынган чөнтөк Конституция келечекте сөзсүз оңдолот. Ал эми жаңы Конституция Американыкы сыяктуу кабыл алынышы керек. Кен байлыкты иштеткендер экологияга зыяны тийбеш керек деп, ал эми бул боюнча өзүнчө мыйзам чыгарыш керек. Биздин Конституция болсо, улам бир мамлекет башчынын тушунда өзгөтүлүп келүүдө, Акаевдин башкаруу учурунда 5 жолу оңдоо киргизилген.
Бизде Конституциялык, укуктук маданият жок. Президенттин президент деген аты эле болбосо, өкмөттү, Жогорку Кеңешти баш ийдирип алгандай. Мына, референдумга каршы чыккандарды түрмөгө салышты.

Тегерек столдун катышуучулары Баш мыйзамдын тегерегинде олуттуу пикир айтып, келечектеги Баш мыйзамыбыз кандай болушу керектиги тууралуу ойлорун кенен-кесир ортого салышты. Талкууну биз кыскартып даярдадык.  

Айгүл Бакеева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты