9 кабаттуу имарат болбойт, анын ордуна паркинг курулат
- 7 месяцев мурун
Бишкек мэриясы муниципалитеттин имаратынын артында тогуз кабаттуу имарат куруу планынан баш тартты. Анын ордуна жер алдындагы паркинг куруу пландалууда. Бул тууралуу вице-мэр Азамат Кадыров Бишкек шаардык кеңешинин комиссиясынын жыйынында билдирди.
Анын айтымында, жаңы долбоорго ылайык, унаалар үчүн жер алдындагы токтотмо салынып, үстү жагы жашылдандырылып, сквер катары жасалмакчы. Буга чейин аталган жерде жаңы административдик имарат куруу боюнча даярдык иштери башталганы маалымдалган.
Муну бөлүшүү




