9-12-декабрда аба ырайы кескин өзгөрүшү мүмкүн

  • 8 месяцев мурун

9-12-декабрда аба ырайы кескин өзгөрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызгидрометке таянып жазып чыкты.

Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Бул күндөрү батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетиши мүмкүн.

9-11-декабрда абанын температурасы акырындык менен төмөндөйт.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5° суук, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз -2…-7° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -3 сууктан…+2 жылуулукка чейин, күндүз 3…8° жылуу, Ысык-Көл ойдонунда түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -2 сууктан…+3° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5° суук, тоо этектерде түнкүсүн -8…-13°, күндүз -3…-8° суук болот.

Мындай суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык казматтардын ишин кыйындатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты