“Кыргыз туризм” түзүү сунушталууда

“Кыргыз туризм”  түзүү сунушталууда

Сүрөттө: Өкмөттө 26-ноябрда өткөн кеңешмеде. Расмий сүрөт.

Мухаммедкалый Абылгазиев туристтик тармактын абалы жана келечегин талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү.

Өкмөт башчы туристтик тармактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн,  өлкөнүн туристтик жагымдуу шартты жогорулатууга багытталган бир катар милдеттерди белгиледи.

Туристтик инфраструктураны жакшыртуу, бул жааттагы статистиканы иретке келтирүү, туристтердин келишине жагымдуу шарт түзүү боюнча  чараларды иштеп чыгуу каралды.

Өкмөт башчы туристтик кемпингдерди жана эс алуу тармагын уюштуруу боюнча жыйынтык чараларды кабыл алууну талап кылды.

«Биз 2023-жылга чейин туризмдин өлкө Ички дүң продукциясындагы үлүшүн 5% дан 10%га жеткирүү милдетин койдук. Бул өтө амбициялуу цифра, бирок Кыргызстандын туристтик потенциалын эске алуу менен биз ар жылдык өсүш көрсөткүчүн камсыздоо үчүн туризмди өнүктүрүүнүн натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуубуз керек», – деп белгиледи Абылгазиев.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Өкмөттүн 2019-2022-жылдарга туризм тармагын өнүктүрү боюнча Программа долбоорун сунуштады.

Анын маалыматында, учурда бардык туристтик долбоорлорду инвентаризациялоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары «Кыргыз туризм» мамлекеттик ишканасын түзүү сунушталууда.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты