Абылгазиев Минскидеги жыйынга катышат

Абылгазиев Минскидеги жыйынга катышат

Сүрөттө: Премьер-министр М. Абылгазев

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев  эртең, 27-ноябрда,  Минск шаарында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) жыйынына катышат.

Анда Евразия экономикалык бирликке мүчө-мамлекеттердин өз ара кызматташуусун дагы тереңдетүү маселелери каралат.

Алсак, санариптик тартипти киргизүү, рынок концепциясын иштеп чыгуу сыяктуу темалардын талкууланышы күтүлүүдө, уюмдун  2019-жылга бюджети, 2017-2018-жылдары ички рынокто тоскоолдуктарды четтетүү боюнча отчет, башка актуалдуу маселелер каралмакчы.

Иш сапар алкагында өкмөт башчы Минскдеги Ч. Айтматов атындагы парктын  ачылышына катышат.

Ошондой эле Белорус жогорку технологиялар паркына, Беларусь ГС1 Автоматтык идентификатташтыруу ассоциациясына, «Великий камень» индустриалдык паркына жана агрокомбинатка барат.

Бул тууралуу Өкмөттун маалыматтык кызматы кабарлады.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты