Шектүүнүн тарапташтары Баткенде митингге чыгышты

Шектүүнүн тарапташтары Баткенде митингге чыгышты

Сүрөт: «Азаттык»

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун  өлүмүнө шектелген Мелис Калыковдун тарапташтары бүгүн, 26-ноябрда, Баткенде  митингге чыкканын «Азаттык» кабарлады.

Митингге чыккан жүздөн ашуун киши чыкты, ошол күнү аңчылыкка чыккан алты прокурор да жооп бериши керек деген талапты коюп жатышат.

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары камакка алынган  Мелис Калыковдун эжеси Дарика «ПолитКлиника” медиасына маек берип, 8 прокурордун ичинен жалгыз эле анын иниси камалганын, алгачкы көрсөтмөлөр адвокаты жок алынганын жана  иниси менен аны көрүштүрбөй жатканын билдирген.

Баткендин прокурору Анарбай Мамажакыповду 18-ноябрга караган түнү өлтүрүп кетишкен. Бул окуя боюнча Баткен шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармасынын кызматкери Мелис Калыков шектүү катары кармалган жана камакка алынган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты