Василевецкий Жээнбековдун штабынан 170 миң доллар алганын ырастады

 

Василевецкий Жээнбековдун штабынан 170 миң доллар алганын ырастады

Сүрөттө: Алексей Василевецкий

КСДПнын консультанты Алексей Василевецкий Нурбек Токтакунов жарыялаган Сооронбай Жээнбековдун президенттик шайлоо штабы төлөп берди деген 170 миң долларды өзүнүн кызмат көрсөткөнү  үчүн алганын видеокайрылууда ырастады.

Буга чейин ал “Азаттык” үналгысына Сооронбай Жээнбековдун президенттик шайлоо штабында иштегенин жашырып койгондугунун себеби, “кимдир-бирөөнү уят кылып” коёру,  чет өлкөлүк жарандын шайлоонун үгүт иштерине катышууга укугу жок деген жободон улам, жашырып койгонун мойнуна алды.

Эми жаңы жагдайлар чыгып калганына байланыштуу, ачык айтууга шарт түзүлгөнүн билдирди. Териштирип чыкса, Василевецкийдин көрсөткөн кызматы үгүт ишине жатпастан, консультация гана бергени анык болду, андайга мыйзам жол берээрин тактап чыккан.

“Сооронбай Жээнбеков менен 2017-жылдын март айынан бери иштештим. Муну текшерип чыгуу оңой эле, анткени мен Өкмөттүн имаратына уруксат кагазы менен кирип-чыгып жүрдүм да” деди А. Василевецкий.

 “Ал эми азыр баары айтып жаткан каражаттар тууралуу айтсак, мен башкалар үчүн айта албайм. Ал эми өзүм алган акча тигил жактагы көрсөтүлгөнү менен дал келди. Мен ал акчаны алгам. Менин алууга укугум бар болучу, мен консультация берүүгө ал учурда патентим бар болчу” деди А. Василевецкий.

Консультант анын артынан аңдып жүрүшкөнүн сезип жатканын, коркутуулар да болуп жатканынан улам Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди.

Нурбек Токтакунов буга чейин Сооронбай Жээнбеков президентикке талапкер болгон учурда анын штабы коротту деген каражаттар тууралуу маалыматты жарыя кылган. Аны президент Алмазбек Атамбаев шайлоо алдындагы штабынын каражаттарын ырастаган. Ал эми  шайлоо алдындагы буъгалтери уулу менен өлкодөн чыгып кеткенин билдирген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты