Александр Рябушкин эки ай камакта болот

Александр Рябушкин эки ай камакта болотИчи иштер министрлиги билдиргендей, “Вечерний Бишкек” басма үйүнүн кожоюну Александр Рябушкиндин бөгөт чарасы Биринчи май сотунда каралгандан кийин, аны эки айга камакта калтыруу чечими чыкты.

“Вечерний Бишкек” басма үйүнүн ээси Александр Рябушкин 21-ноябрда камакка алынган. ИИМдин иликтөөсүндө А. Рябушкиндин кызмат абалынан кыянат пайдалангандыгы, материалдык зыян келтирип, документтерди жасалмалап-оңдогону боюнча кылмыш иштери козголду жана тергелип жатат. Тергөө  учурунда бир катар кылмыш иштеринин бети ачылууда.

А. Рябушкинге кылмыш иши бир нече беренелер менен козголду, атап айтсак, алдамчылык, кызматчыларын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу, жасалма документ жасоо боюнча. Иш тергелүүдө.

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты