Курманбектин жел кемеси

Бишкек шаарынын Фрунзе-Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде өзү жасаган жел кеменин макетин сатып жүргөн кишиге жолугуп калдык.

Курманбектин жел кемеси

Чүй боорундагы Москва районунун Ак-Суу айылынан келген Курманбек Керимкулов кеменин макетин өзү жасайт. Миндеген жылдар мурун пайдаланылып келген парустуу бул кемеге ары-бери өткөндөр кызыгып карап, баасын сурап жатышат. Колуна кармап турган макети— 2500 сом (сүрөттө).

Кардарлардын суроо-талабына жараша, анын кичинесин да, чоңун да даярдайт. Эң чоңу —7500 сомго чейин. Кичинеси-1500 сом. Чоңдорун борборго көтөрүп келе албайт. Керектегендер  үйүнө барып жүктөп кетишет.

Биз сүйлөшүп турганда шаардын бир тургуну Россиядагы кызына сатып  алгысы келип, кызыгып калды.

—Мен ушул көчөдөн сатып жүргөнүңүздү көрүп, кийин таппай калдым, -деди ал айым

—Кандайча жел кеме жасап калдыңыз?-деп сурадым сатуучудан.

—Раматылык иним жел кеме макетин жасачу. Ал Аскер-Деңиз  флотунда, Мурманскиде аскердик кызмат өтөп келген. Инимдин көзү өткөндөн кийин анын ишин, үлгүсүн  улантып жатам. Инимдин жасагандарын көрчүмүн, кийин китептен сүрөтү боюнча жасап калдым. Адегенде окшоштура албай  убара тарттым, бара-бара көнүп кеттим.

Биз жыгач устачылыкка жакынбыз, дагы бир агам уста болчу. Таякебиз да жыгач уста эле.

—Жел кемеңиз эмнеден жасалган?

—Корпусу жыгачтан. Жыгачты даярдап, кесип, кургаткып, анан ушундай формага келтирем.  Парусун кадимки эле желим бөтөлкөнү кесип алып, материал жабыштырып коём. Мунун бардык жумуштары колго жасалган. Үйдө токардык станогум бар. Керектүү өлчөмдөгү тетиктерин станок менен кесип алам.

Курманбектин жел кемеси

 

—Өзүңүздүн кесибиңиз кандай?

—Айылда дыйканчылык, мал чарбачылык менен алектенем. Ал эми кышкысын бош убакыт көп болуп калат. Ошондо кеменин макетин жасоого киришем. Орточо кеме макетин 3-4 күндө жасап бүтүп, Ак-Суудан Бишкекке келип калам. Кечке сатсам-сатып, сатпасам, үйгө кетип, эртеси кайра келем.

—Кардарлар арбын чыгабы?

—Мени  кардарлар дайыма ушул көчөдөн таап алышат. Бир жолу чет элдик туристтер кызыгып сурап, сатып алып кетишти Жакында Прибалтикадан машина алып келип сатчу киши  5 даана жасатып кетти. ага үстүнө Үстүнө өзүнүн үстөк баасын кошуп сатаарын айтты. Ал жакта евро менен сатылат экен.

—Дагы эмнелерди жасайсыз?

—Үйдөгү жыгач устанын колу керек болгон бардык жумушту жасайм, үй ичине жыгач тепкич, жыгач менен интерьер жасалгалайм, шахмат, айтор баары эле колуман келет. Бирок азыр бир гана кеменин макети менен алекмин, анткени ал—өтүмдүү товар.

—Үй-бүлөңүз тууралуу айтсаңыз?

—Эки кыз, эки уулум бар. Кыздарым турмушка чыгышкан. Жубайым үй жумушу менен алек.

Айгүл Бакеева    

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты