Акыйкатчы бала менен үйдө отурган эненин убактысын эмгек стажына кошууну сунуштады

  • 1 год мурун

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаев аялдардын балдарды тарбиялап, үйдө отурган мезгилин эмгек стажына киргизүүнү сунуштады. Мындай сунушту ал Бишкекте өтүп жаткан лидер аялдардын курултайында билдирди.

Жаманбаева балдарды тарбиялоо менен алектенип жаткан аялдардын укуктарын камсыздаш үчүн эмгек мыйзамдарын кайра карап чыгуу зарыл экенин белгиледи.

Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарын кайра карап чыгып, үйдө отурууга жана балдарды тарбиялоо менен алектенүүгө аргасыз болгон аялдарга бул убакыт эмгек стажына эсептеле тургандай мүмкүнчүлүк берүү зарыл”, — деди акыйкатчы.

Кыргызстанда бала төрөлгөндөн кийинки декреттик өргүүгө 1,5-3 жылга чейин убакыт берилет, аны баланын энеси же атасы алса болот.

Статистика комитетинин маалыматына караганда, 7 миллион калкы бар Кыргызстанда эркектер менен аялдардын саны дээрлик бирдей. Аялдар орточо эсеп менен үч же андан көп бала төрөшөт, айыл жергесинде төрт же андан көп. Эмгек рыногунда аялдарга караганда эркектер көбүрөөк. Жумушсуздар арасында аялдар көптүк кылат, аларга маяна эркектерге караганда азыраак төлөнөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты