Кыргызстанда Санариптик кодекс иштелип чыкты

  • 1 год мурун

Кыргызстанда Санариптик кодекс иштелип чыкты. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов кабарлады.

“Сиздерге жакшы кабарым бар. Санариптик кодекс толугу менен иштелип бүттү. Кыргызстан дүйнөдө Санариптик кодексти иштеп чыккан алгачкы өлкө болду. Бул тарыхый окуя. Бул мазмуну боюнча өзүнө окшобогон эрежелерди камтыган уникалдуу документ«, — деди министр.

Анын айтымында, Санариптик кодекстин максаты санариптештирүү процессин тездетүүгө жана экономиканын өнүгүшүнө өбөлгө боло турган бардык санариптик ченемдерди бир расмий документке топтоо болуп саналат.

Талант Иманов документ министрликтин сайтында жайгаштырылганын кошумчалап, жарандарды кодекс менен таанышып чыгууга жана сунуштарды берүүгө чакырды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты