Абанын температурасы төмөндөйт

Абанын температурасы төмөндөйт26-ноябрда Кыргызстанда абанын температурасы төмөндөйт.

Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -7…-12° суук, күндүз -3° сууктан …+2° жылуулукка чейин;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5° жылуу, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин;

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -4…-9°, күндүз 0…-5° суук, тоолуу райондордо жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -12…-17°, күндүз 0…-5° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -8…-13° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Суу кар электр зымдарга жабышып, үзүлүү коркунучун алып келет.

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты