Үч адамдын өлүмүнө шектелген УКМКнын мурдагы кызматкеринин иши сотто карала баштады

  • 1 год мурун

Бүгүн, 11-июлда Бишкектин Октябрь райондук сотунда үч адамдын өлүмүнө шектелип жаткан УКМКнын мурдагы кызматкери Чынтемир Аширалиевдин ишин кароо башталды.

Сот отурумуна шектүү конвойдун коштоосунда алып келинди. Отурум судья Надырбек Токтосуновдун төрагалыгы алдында өтүп жатат.

Быйыл февралда Бишкек шаарында 51 жаштагы аял, анын 17 жаштагы кызы жана жети жаштагы уулу мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Бул кылмышка шектүү катары 36 жаштагы Ч.А. аттуу жаран 17-февралда кармалган. Свердлов райондук соту анын бөгөт чарасын карап, 16-апрелге чейин №1 убактылуу тергөө абагына камоо чечимин чыгарып, кийин анын абактагы мөөнөтү узартылган.

Социалдык тармактын колдонуучулары жана айрым маалымат каражаттары шектүү Чынтемир Аширалиев экенин жазышкан. Ал 2021-жылдын ноябрь айында Баткендеги бир мандаттуу №2 шайлоо округунан талапкерлигин коюп, алты миңден ашык добуш алып, утулуп калган. Ага чейин УКМКда 15 жыл иштеп, майор чинин алган.

Сүрөт: «АКИпресс«

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты