Чүй облустук бириккен ооруканасына Эрнст Акрамовдун ысымы ыйгарылды

  • 1 год мурун

Чүй облустук бириккен ооруканасына профессор, хирург Эрнст Акрамовдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу 11-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Эрнст Хашимович Акрамовдун хирургиянын өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизген хирургиялык практикага жана дарылоонун инновациялык ыкмаларын өнүктүрүүгө кошкон салымын жана жетишкендиктерин баса белгилейт. Анын тажрыйбасы жана чеберчилиги медициналык практиканын кесипкөйлүгүнүн жана жогорку сапатынын үлгүсү болуп саналат«, — деп жазылат министрликтин билдирүүсүндө.

Эрнст Акрамов Кыргыз Республикасынын Баатыры, белгилүү хирург, медицина илиминин доктору, профессор. Эл аралык бир катар сыйлыктарды алган. 1989-1992-жылдары СССРдин эл депутаты болгон. 2000-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып, бирок мандатынан баш тарткан.

2002-жылдан тарта Саламаттык сактоо министрлигинин реконструкция-калыбына келтирүү хирургиясы илимий борборунун директору болуп эмгектенген. Кыргыз-Орус Славян университетинин госпиталдык хирургия кафедрасынын профессору. 2007-жылы Жогорку Кеңештин 4-чакырылышына депутат болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты