Бишкекте коомдук транспортто чыр чыгарган чет өлкөлүк жүргүнчү милицияга жеткирилди

  • 1 год мурун

Бишкекте коомдук транспортто Орусияга сый көрсөтүүнү талап кылып уруш чыгарган чет өлкөлүк жарандын өздүгү такталып, милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, жүргүнчү Кыргызстанга убактылуу келген 46 жаштагы Н.А. болгон. Ал коомдук транспорттогу тартиби үчүн кечирим сурап, окуя болгон учурда мас абалында болгонун айткан.

Буга чейин социалдык тармактарда Бишкектеги коомдук транспортто жүргүнчүлөр кайым айтышып жаткан видео тараган. Анда чет өлкөлүк жаран Орусиянын президенти Владимир Путиндин атын атап коркутуп, Орусияга сый көрсөтүүнү талап кылганын көрүүгө болот.

Милиция бул факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын, анын алкагында экспертиза дагы дайындалганын билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты