Бишкектеги мектептердин биринин короосунан мугалимдин сөөгү табылды

  • 1 год мурун

Бишкек шаарындагы А.С. Пушкин атындагы №17 мектептин короосунан мугалимдин сөөгү табылды. Милициянын маалыматына караганда, маркум асынган абалда табылган.

Октябрь райондук милициясынан билдиришкендей, окуя тууралуу маалымат 5-июлда саат 09:14тө келип түшкөн. Айтылган дарекке райондук милициясынын тергөө тобу барып, маркум 1986-жылы туулган А.Э. экенин аныкташкан. Маалыматка ылайык, ал жогоруда айтылган мектепте бийден сабак берип жүргөн.

Маркумдун сөөгүндө эч кандай жаракаттар табылган эмес.

Бул факт боюнча учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат. Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты