Жолдогу абал талкууланды

Жолдогу абал талкууландыМухаммедкалый Абылгазиев кар калың жаашына жана күңдүн суукташынан улам унаа жолдордогу кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү.

Өкмөт башчы Талас облусуна болгон жумушчу сапарынан кайтып келе жатканда, унаа тыгындары түзүлгөн жерде айдоочулар жана жүргүнчүлөр менен сүйлөшкөн.

Опурталдуу ашуу тилкелеринде түзүлгөн кырдаал мамлекеттик органдардан ыкчам жана өтө катуу чараларды талап кыларынн Өкмөт башчы белгиледи.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдун маалыматы боюнча, бийик тоолуу тилкелерде кардын калыңдыгы 30-60 см жетип, жол кызматтарынын аракеттерине карабастан, белгилүү бир кыйынчылыктарга алып келген.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты