Төө ашуу жолу жабык

Төө ашуу жолу жабыкБүгүн саат 18:00 дөн баштап Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында кар калың жаап жатат жана бороон болууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облустук башкармалыгынын ыкчам тобу тарабынан “Сосновка” постунда жылынуучу жай уюштурулууда жана жеринде абалды тактоо максатында министрликтин алдындагы Кризистик кырдаалды башкаруу борборунун ыкчам тобу ал жакка жөнөдү.

Чүй облусунда жана Бишкек шаарында кар аралаш жамгыр, Жалал-Абад облусунда жамгыр жаап жатат, Ысык-Көл облусунда күн ала булут, ал эми республиканын калган аймактарында күн бүркөө.  Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты