Кубанычбек Кулматов жыл аягына чейин абакта калтырылды

Кубанычбек Кулматов жыл аягына чейин абакта калтырылдыБишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов 31-декабрга чейин абакта калтырылды. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту ушундай чечим кабыл алгандыгын анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Белгилүү болгондой К. Кулматов 2014-жылы борбордогу Калыс ордо мектебинин курулушуна жумшалуучу 2 млн доллар гранттык каражатты туура эмес пайдалангандыгы боюнча айыпталып, Улуттук Коопсуздук комитетинин абагында.

Кулматов өзү бул айыпты негизсиз деп эсептейт.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты