Акылбек Жапаров менен “Газпромдун” башчысы Миллер газдаштыруу маселесин сүйлөштү

  • 1 год мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусиянын Санкт-Петербург шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында “Газпром” ишканасынын башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда газ менен камсыздоо тармагындагы эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды.

“Кыргызстан менен “Газпром” компаниясынын ортосундагы ар тараптуу кызматташтык тереңдеп, ырааттуу өнүгүү жолу менен бара жатат”, — деген Жапаров.

Маалыматта «Миллер өз кезегинде Кыргызстан “Газпром” компаниясынын ишенимдүү өнөктөшү экенин белгилегени» жазылган.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен “Газпром” компаниясынын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыктын конструктивдүү жана жемиштүү ишин улантуу зарылчылыгы жөнүндө макулдашылганы айтылат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты