Садыр Жапаров бир катар өлкөлөрдүн элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров 7-июлда резиденциялары үчүнчү өлкөлөрдө жайгашкан Палестинанын, Кувейттин, Бахрейн Падышалыгынын, Дания Королдугунун жана Грузиянын атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Ишеним грамоталарын жогорудагы өлкөлөрдүн Кыргызстандагы элчилери тапшырды.

«Садыр Жапаров Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан тартып, дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен саясий диалогду, соода-экономикалык кызматташтыкты ырааттуу түрдө өнүктүрүп келе жатканын белгиледи. Алардын катарында Палестина, Кувейт, Бахрейн, Дания жана Грузия менен өз ара пайдалуу жана жемиштүү өнөктөштүктү камсыз кылууга даяр«, — деп айтылат маалыматта.

Жапаров бул өлкөлөрдүн өз элчиликтерин ачуу үчүн Бишкек шаарынан жер тилкелерин берүүгө даяр экенин кошумчалады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты