Бакыт Төрөбаев Токтогул суу сактагычындагы сууну азыртадан сарамжалдуу пайдаланууга чакырды

  • 1 год мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Токтогул суу сактагычындагы сууну азыртадан сарамжалдуу пайдаланууга чакырды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, 6-июлда экономика тармактарын жана калкты 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйыны өттү. Анда Токтогул суу сактагычында суунун топтолуу маселеси дагы каралып, быйыл октябрь айында суу сактагычта пландалгандан 2 млрд метр кубга аз суу болору божомолдонуп жатканы айтылды.

Буга байланыштуу Бакыт Төрөбаев электр энергияга болгон лимитти катуу көзөмөлгө алууну тапшырды.

Айыл башчылардан тартып, айыл аймактар, район акимдери, облус жетекчилери, мэрлер жана тиешелүү бардык мамлекеттик мекемелердин жетекчилери “Кыргызстан улуттук тармактар” ААК менен биргеликте электр энергияга болгон лимитти катуу көзөмөлгө алгыла. Азыр жай мезгили, күн узун жарыкты үнөмдүү пайдаланалы. Борбордук көчөлөрдөгү жарыктар күн чыкканга чейин күйүп турбасын, бул мэрлерге тиешелүү. Токтогул суу сактагычындагы сууну азыртан сарамжалдуу пайдаланалы”, – деди Төрөбаев.

“Электр станциялары” ишканасынын маалыматына ылайык, 2023-жылдын 5-июлуна карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 млрд 380 млн куб метрди түздү. Суунун агып келиши секундасына 693 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 422 куб метрди түзүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты