Эртең жаан жана кар жаайт

Эртең жаан жана кар жаайт25-ноябрда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан жана кар жаайт. Айлым жерлерде катуу жаан жаайт.   Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, түнкүсүн жана эртең менен Нарын, Ысык-Көл облустарында 17-22 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…+2,

Таласта түнкүсүн -8…-13, күндүз -3…+2,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…-5,

Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5,

Нарында түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн маал-маалы менен кар жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9, күндүз -1…+1 градус болот.

Аба ырайы тууралуу маалыматты Өзгөчо кырдаалдар министрлиги билдирди.

Сүрөттө: Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу айыл аймагы. Дамира Абдрахманова тарткан.   

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты