Сүрөт калыбына келтирилди

Сүрөт калыбына келтирилдиБишкек шаарынын Фрунзе-Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде айтылуу мамлекеттик ишмер Султан Ибраимовдун сүрөтү түшүрүлгөн «Бош жаткан жерлерди бак-шакка айландыруу —менин эң чоң  кыялым» деп айткан сөздөрү жазылган баннердеги плакат кыйшайып калганы тууралуу кечээ, 23-ноябрда, жаздык эле.Бүгүн 24-ноябрда карасак, баннердеги сүрөт калыбына келтирилип калыптыр.

Мэриянын тиешелүү структурасы ыкчам реакция жасап, калыбына келтирип койду.

Айта кетсек, Султан Ибраимов 1927-жылы 20-сентябрда Чүй районунун Алчалуу айылында туулган. Мамлекеттик ишмер. Партиянын Ош областтык комитетинин катчысы, Борбордук Комитеттин катчысы, акыркы кызматы—1978-1980-жылдары Кыргызстандын Министрлер Советинин председатели эле.

Султан Ибраимов кайсы кызматта, иштебесин, өлкөбүздүн өнүгүшүнө, элибиздин бакубат жашоосуна жан аябай аракет жасап келген.

Анын өмуру трагедиялуу кыйылган. 1980-жылдын 4-декабрында Чолпон-Атадагы мамлекеттик резиденциядан киши колдуу болуп каза тапкан.

Бул күндөрү Султан Ибраимовдун 90 жылдыгын белгилеп, Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын ыйгаруу сунуштары айтылып жатат.

С. Ибраимов турмушта жөнөкөй, боорукеер, акыйкат жана чынчыл адам, жетекчи  болгону эл оозунан түшпөй келет.

Айжан Айтышева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты