Курултайдын 7 сунушу

Курултайдын 7 сунушуБишкекте бүгүн, 24-ноябрда, болуп өткөн коомдук-саясий күчтөрдүн курултайы Сооронбай Жээнбековдун президент болуп шайланышынын туура бир жылдыгына туштап өткөрүлдү. Курултай Жээнбековдун башкаруусунун бир жылдыгына, ошондой эле экс-президент Атамбаевдин башкаруу учуруна баа берди.

Курултай катышуучулары президент Сооронбай Жээнбековдун бир жылдагы ишине канааттандырарлык баа берсе, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ишин канааттандырарлык эмес деп тапты. Курултай бир катар сунуш-талап, ой-пикирлерди сунуштады.

Курултайда айтылган сунуш, талаптар

  1. Президент Сооронбай Жээнбековдун бир жылдык ишинин жыйынтыгына канааттандырарлык баа берүү. Анын ишинин жыйынтыгы үчүн убакыт берүү жана колдоо көрсөтүү.
  2. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин башкаруу учурун канааттандырарлык эмес деп табуу;
  3. Алмазбек Атамбаевдин башкаруу учуру боюнча парламенттик комиссия түзүү, анын учурунда алынган инфрструктура долбоорлору боюнча кредиттик каражаттарды текшерип чыгуу;
  4. Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигинен ажыратуу мүлкүн текшерүү;
  5. Камакта жаткан саясатчылардын иштерин кайрадан карап чыгуу;
  6. Конституцияга өзгөртүү киргизүү;
  7. Соттор, прокуратура, күч түзүмдөрүнүн реформалоо т ж.б.   

Ойлор, пикирлер, сунуштар

Азимбек Бекназаров: “ Экс-президенттин таасиринен чыкты”

ПрезидентСооронбай Жээнбековдун бир жылдык ишине Азимбек Бекназаров аванс менен канааттандырарлык баа берүүгө чакырды. Анткени Жээнбеков Атамбаевдин таасиринен чыр-чатаксыз чыгып кете алды.

Жээнбеков Атамбаевдиг түздөн-түз таасири менен бийликке келсе да, алгачкы күндөн тартып экс-президенттин таасиринен чыгып, өз алдынча саясат жүргүзүп, экс-президенттин таасири  менен күрөштү жана анын командасынын бир катарын өзүнө тартып кете алганын белгиледи.

Экинчи жагынан Бекназаров президент Жээнбековдун ишиндеги кемчил жактарга да токтолду. Президенттин  коррупция менен күрөшү “тандалма жүрүп жаткандай сезилүүдө” деди.

Равшан Жээнбеков: “Бийликти бир колго топтоого жол бербешибиз керек”

Равшан Жээнбеков бийликти бир колго топтоого мүмкүнчүлүк бербей, мурдагы башкаруу учурларындагы кемчиликтерди, мурдагы мамлекет башчыдарынын тагдырын кайталап калбоого чакырды.

Бийлик бутактарынын тең салмактуулугу мурун сакталбай келсе, азыр да ушундай болуп жатканына сын пикирин билдирди.

Эмилбек Каптагаев: “Атайын комиссия түзүү зарыл”

Курултайда сөз сүйлөгөн саясатчы Эмилбек Каптагаев Жогорку Кеңеш экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ишине баа бериш үчүн атайын комиссия түзүү керек экенин сунуштады.

Парламенттик комиссия ошондой экс-президент Атамбаевдин учурундагы саясий куугунтук, долбоорлорго алынган кредиттер, Кумтөр маселеси да иликтениши зарыл экендигин билдирди.

Акматбек Келдибеков “Кумтөр келишимин денонсациялоо кылыш керек”   

Акматбек Келдибеков Кумтөр кени боюнча эч кандай жыйынтык чыкпаганын билдирип, бул боюнча келишимди Кыргызстан жокко чыгарыш керек экенин билдирди.    Себеби 2005-жылга чейин Кумтөр Кыргызстанга өтүшү керек болчу деди ал.

Нурбек Токтакунов: “Президенттер алмашса да, күч структураларындагы кылмыштуу топ калууда”

Нурбек Токтакунов экс-президент Алмазбек Атамбаев сот, прокуратура, күч органдарын реформалабй, саясий душмандарына каршы колдонуп келсе,  Жээнбеков да ошол жолду кайталап жатканын билдирди

Укук коргоо органдары, прокурорлор, соттор уюшкан кылмыштуу топко мүчө болуп алышты. Алар Бакиевге, Атамбаевге кызмат кылып келишкен, азыр Жээнбековго кызматы кылып жатышат” деди.   

Нариман Түлеев: “Атамбаев камалышы керек”

Нариман Түлеев экс-президент Алмазбек Атамбаев менен самолетко бирге түшкөндө да анын камалаарын айтканын, Атамбаев камалышы керектигин, ал эми Сооронбай Жээнбековго убакыт берилиши, колдоо көрсөтүү керек экенин билдирди.

“Мен Жээнбеков менен тааныш эмесмин, андан эч нерсе сураган эмесмин, сурабайм дагы. Бирок ага убакыт берип, колдоо көрсөтүшүбүз керек” деди.

Медеткан Шеримкулов: “Мыйзам бул ар бир адамдын тагдыры”

Медеткан Шеримкулов Конституцияга өзгөртүү киргизүү керек деген пикирин билдирип, буларды кошумчалады:

“Кандай болгон күндө да мыйзамдан бөлөк  эч нерсе жогору турбашы керек. Мыйзам бул ар бир адамдын тагдыры” деп айтты М. Шеримкулов.

Курултай өз ишин аяктады. Кийинки курултай 2019-жылдын 7-апрелинде болот.

Айжан Айтышева

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты