Акылбек Жапаров Миң-Куштун аймагындагы уран калдыктарын сактоочу жайларга барды
- 2 года мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун Миң-Куш айыл аймагындагы уран калдыктарын сактоочу жайларга барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Иш сапарынын алкагында Акылбек Жапаров Миң-Куш айылынын тургундары менен жолугуп, уран калдыктарын сактоочу жайларды көчүрүү маселесин талкуулашты.
Миң-Куш айыл аймагында жалпысынан “Талды-Булак”, “Туюк-Суу”, “Как” жана “Дальнее” аталышындагы уран калдыктары сакталган төрт жай бар.
Учурда “Как” уран калдыктары сакталган жайы жеринде рекультивацияланууда, жүргүзүлүп жаткан иштер үстүбүздөгү жылы бүткөрүлөт.
“Талды-Булак” уран калдыктары сакталган жайы “Дальнее” уран калдыктары сакталган жайга көчүрүлүүдө. Ташуу иштери 2023-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.
Ал эми “Туюк-Суу” уран калдыктары сакталган жайын “Дальнее” уран калдыктары сакталган жайга айыл аралаган жол аркылуу ташуу керек болгондуктан жергилиликтүү эл каршылыгын билдирген.
Өкмөттөн билдиришкендей, Миң-Куш айыл аймагындагы уран калдыктары сакталган жайларды рекультивациялоо ЕАЭБ алкагында Орусиянын “Росатом” атомдук энергия боюнча мамлекеттик корпорациясы менен Кыргызстандын ортосунда мамлекеттер аралык максаттуу программа бекитилген.