Өң-келбет тартуулаган пластикалык операция

Өң-келбет тартуулаган пластикалык операция

Бир убактарда жылдыздар пластикалык операция жасатты деп уксак таң калчубуз. Укканда да ал чет өлкөдөн жасатып келиптир, өзгөрүлүптүр деп угуп калчу элек. Азыркы заманда болсо арабызда жаш кыздардан баштап орто жашка келген айымдар пластикалык операциянын жардамы менен ажарлуу болууну каалашып, же дене мүчөсүндөгү айрым кемчиликтерден арылуу максатында мындай ыкманы тандаганы кадимки эле көрүнүш болуп калды.

Алардын бизде кеңири колдонулганын тизмектеп өтсөк:

Сулуулуктун заманбап түрлөрү

  • Блефаропластика. Мында көздүн үстүндөгү ашыкча тери кесилип, көзгө сурма жасалат. Булардын дагы евро-сурма, көздүн түзүлүшүн кеңейтүү, көздүн алдындагы ашыкча терини тарттыруу ж.б. түрлөрү бар.
  • Липосакция. Маңдайдагы бырыштарды тартуу.
  • Ринопластика. Мурундун, эриндин формасын өзгөртүү.
  • Отопластика. Кулакка тиешелүү операция. Чоң кулактарды кичирейтүү же кичине кулакты чоңойтуу, кулак көңдөйчөсүнүн кемтигин оңдоо ж.б.
  • Маммопластика. Бул төштү чоңойтуу же кичирейтүү.

Блефаропластика деген эмне?

Жогоруда аталган сулуулуктун заманбап түрлөрүнүн ичинен блефаропластикага,  же жөнөкөй тил менен айтканда, көзгө сурма жасатуу ыкмасына кеңирирээк токтолсок. Бул операция тууралуу «Ден-соолук» медициналык борборунун пластикалык хирургу Гүлзара Алибаева төмөнкүлөргө токтолду:

Гүлзара Алибаева, пластикалык хирург:

Өң-келбет тартуулаган пластикалык операция

Гүлзара Алибаева

—Биз азиялык эл болгондугубуздан, учурда блефаропластикага талап жогору. Бул жерде көздүн үстүндөгү ашыкча тери кесилип, көзгө сурма жасалат. Сурманын да түрлөрү бар, азыр көп кардарлар европалыктардай сурмалуу болууга басым жасашат, ошондой эле көздүн алдындагы жана үстүндөгү бырыштарды кетирүү, көз алдындагы шишикти алуу сыяктуу операциялар жасалат. Операция 40 мүнөттөн 2 саатка чейин созулушу мүмкүн. Операция күнүмдүк жашоодон четтетпейт, кардар дароо эле үйүнө кете берсе болот, бир жума биздин карообузда болуп, келип-кетип турат. Андан кийин жибин алабыз. Кийин макияж колдонуп, кирпик чаптата берсе болот. Бул операциянын көзгө эч кандай зыяны жок, анткени биз иш учурунда көз менен түзмө-түз байланыш кылбай, анын тегерегиндеги ашыкча тери, булчундарды гана алып салабыз.

—Көбүнчө сиздерге кимдер кайрылышат?

— Азыр 15 жаштан жогору кыздар, 35-60 чамалап калган Өң-келбет тартуулаган пластикалык операцияайымдар көп кайрылышат. Айрым жаш кыздар көзүнүн сурмасы жогун кандайдыр бир кемтик катары санашып, сурмалуу болууну каалашат.  Кээ бирлери күнүмдүк жасалма корей сурмаларын такай тагынаарын, ошондуктан жасатууну каалашканын билдиришет. Ал эми айымдарыбыз сулуулуктун жана жаштыктын узакка кармалышын эңсешет, жашоосунда өзгөрүүнү каалашат. Бирок чынында кийин консультацияга келген кардарларым өзгөрүп, өздөрүнө ишеними артып, жылмайып гана жүрүп калганын байкадым. Демек, натыйжасы жакшы деп сүйүнүп калам.

—Операцияга кандай даярдык керек?

Өң-келбет тартуулаган пластикалык операция— Эң биринчи кардар менен сүйлөшөбүз. Кээ бир адамдар психо-эмоционалдуу чечим кабыл алып, операциядан кийин жактырбай, өкүнүп калышы мүмкүн. Ага үй-бүлөлүк шарт, бирөөнүн кемсинтиши, депрессия маалы ж.б.у.с. убактар кирет. Биз жөн гана кардар менен сүйлөшүп, чечим кабыл алуудан баш тарттырып, жакшылап ойлонуусун сунуштайбыз. Мындай убакта биз операция кылуудан баш тартабыз. Ал эми башка учурда бардык анализдерин алып, өнөкөт оорулары жок болсо операцияга даярдайбыз. Операциядан соң дарыгерлердин айткандарын так жана туура аткаруу керек.

—Баасы канча турат?

—Биздин борбордо 15000 сомдун тегерегинде, бардык түрлөрү бир баада. Анестезия анын ичинде, бирок бул баага анализ акысы кирбейт. Биз бул сумманы элдин жашоо шартынын орточо баасына карап, карапайым элге жеткиликтүү болушу үчүн койдук.

Пластикалык операциянын оң жактары:
—Адамдарды дене мүчөсүндөгү кемчиликтерден арылтат. Бул хирургиялык кийлигишүү айрымдарга нормалдуу жашоо образын түзүп, өздөрүнө болгон ишеничи артып,  жакшы сезим алып келсе, кээ бир өз каалоосу менен эмес, ар түрдүү кырсыктардан жабыркап, анан операция столуна жатууга мажбур болгондорго жашоосун өз нугунда улантууга жардам берет.

Өң-келбет тартуулаган пластикалык операция

Терс жактары:
—Операциядан кийинки калыпка келүү процесси кээ бирлерине оор болушу мүмкүн. Операция жасатардан мурун жакшылап ойлонуу керек, анткени адам өзүнүн ден соолугун тобокелге салып жатат да. Бардыгы ойдогудай болот деген кепилдикти эч ким бербейт. Оор операцияларда оорутуу, денедеги көк ала тактар, шишик көп убакта тарайт. Андыктан кардар ошолордун баарына даяр болушу керек.  Операциядан кийин бир кыйла убакка чейин жакындарынын, туугандарынын колдоосуна, жардамына муктаж.

Пластикалык операциянын баалары:
Өң-келбет тартуулаган пластикалык операция
Кыргызстанда жогорудагы айтылган операциядан сырткары, кал, бездерди алуу, курсактагы майларды тарттыруу боюнча да операциялар жасалат. Баалары ар бир клиникада ар башка. Операциянын оор жана жеңилине жараша коюлат.


Сурма жасатуу «Ден соолук» медборборунда — 15000 сомдун тегерегинде; «Медикал сервис» медборборунда — 16000 сомКММА медборборунда — 14000-17000 сомго чейин.
Операциянын башка түрлөрү — 300 доллардан 600 долларга чейинки баада жасалат.

Кардарлар эмне дейт?

Нургүл Бейшебаева, 64 жашта: —Мен бир аз убакыт мурун эле көздүн сурмасынын ашык этин кестирип, операция жасаткам. Жашың өткөн сайын сурма чоюлуп, көздү жаба баштайт экен. Эми медборборго кароодон өткөнү келгем. Бирок баары бир ыңгайсыз болуп жатам. Анткени көзүмдүн шишиги анчалык тарай элек, сурманын кесилип калганы билинип турбайбы, кара көз айнек тагынам. Ошондуктан сүрөткө да түшө албайм. Бирок үй-бүлөмдүн мүчөлөрүнүн айтуусуна караганда, “жүдөбөй”, улгайган кемпирге көп окшобой калдым. Эми убакыт өткөндө көзүм калыбына келип, элге чыкпасам, азыр элден качып турганым.

Нурдана: —Менин атам корей, апам болсо кыргыз. Корейлерге көбүрөөк окшош болгонумдан көзүмдүн сурмасы жок болуп, ыйлап эле жүрчүмүн. Бир топ убакыт мурун сурма жасаткам. Азыр өзүмдү абдан жакшы сезем, анткени сулуу боло түштүм, көзүм да ачылып, чоңоюп калды.  Өзүмө ишенимим артты, мен сүйгөн, мени сүйгөн кыргыз жигитке турмушка чыктым.

Нурия: —Мен силерге атымды жашырып койдум. Операция жасатсамбы деп бир топтон бери ойлонуп, акчамды чогултуп алып келип, консультация алдым. Бирок натыйжа кандай болот, билбейм. Чечим кабыл алгандан кийин жасатканы келбесем, азыр чече элекмин. Жаман болуп калса кантем? Айтор, маалымат чогултуп жүрөм.

Пластикалык хирург бизге блефаропластика операциясы ийгиликтүү болгон бир нече айтылуу кардарлары тууралуу сөз кылды.  Айтор, кыз-келиндерге мен кулак-кагыш кылып турайын. Ал эми мындай сулуулук жасалгасын жасатуу же жасатпоо алардын ар биринин өз эрки.

Ильяс Анарбай уулу

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты