Чөнтөгүнөн бир сом чыгарбай Америкада окуп келген Билимбектин баяны

Студенттердин глобалдык алмашуу программасы (Global UGRAD) студенттер үчүн Американын коледждеринде же университеттеринде бир семестр окууга мүмкүнчүлүк берет. Аталган программа АКШнын Мамлекеттик департаментинин билим берүү жана маданият иштери боюнча бюросу тарабынан каржыланат жана Кошмо Штаттарына окууга мүмкүнчүлүктөргө ээ эмес, коомдун элита эмес катмарынын өкүлдөрүн тартууга багытталган.

Чөнтөгүнөн бир сом чыгарбай Америкада окуп келген Билимбектин баяны

Мүмкүнчүлүктөрү:

—АКШга баруу жана кайра кайтуу үчүн авиабилеттерди камсыздоо;

—университте бекер билим алуу;

—тамак-аш жана турак жай менен камсыздоо;

—медициналык камсыздандыруу;

—керектүү китептер;

—ай сайын берилүүчү стипендия.

Талаптары:

Глобалдык UGRAD бардык академиялык тармакта окуган студенттер үчүн ачык. Расасы, жынысы, сексуалдык ориентациясы, дини, этникалык тиешелүүлүгү, майыптыгы боюнча дискриминацияга жол бербейт.

—программанын башталышына 18 ден жогору жаштагылар;

—Глобалдуу UGRAD програаммасынын мүчөсү болгон өлкөнүн жарандары же ошол өлкөдө жашагандар;

—жеке же мамалекеттик болобу, аккредитациядан өткөн университетте жакшы репутацияга ээ болгон, бакалаврда окуган, программа бүткөндөн кийин өзүнүн университетинде жок дегенде бир семестр окуй турган студенттер;

—англисс тилин оозеки жана жазуу түрүндө жакшы билгендер;

— 2019-жылдын август айында же 2020-жылдын январ айында АКШда окууну баштоого мүмкүнчүлүгү болгондор;

—програама бүкөндөн кийин Кыргызстанга кайтып келүүгө милдеттүү болгон студентттер катыша алышат.

Кимдер катыша албайт?

—АКШнын жарандары же туруктуу жашоочулары;

—башка программалар менен чет өлкөдө окуп жүргөн студенттер;

—университетти аяктагандар;

—АКШнын департаментинин же эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин жергиликтүү кызматкерлери;

—АКШнын департаментинин же эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин жергиликтүү кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү;

Катышуу үчүн өтүнмө www.worldlearning.org сайтында кабыл алынат. Өтүнмө 2018-жылдын 31-декабрына чейин кабыл алынат.

Глобалдык UGRAD программасы менен Америкада окуп келген Билимбек Бактыбеков:

“Чөнтөгүмдөн бир сом кеткен жок”

Чөнтөгүнөн бир сом чыгарбай Америкада окуп келген Билимбектин баяны

—Мен Американын Озаркс университтетинде бир семестр окуп келдим. Тарыхы аябай чоң, 1814-жылы ачылган университет. Башка штаттарга салыштырганда көп өнүкпөгөн штаттардын бири Аркансазда жайгашкан. Шаар кичинекей болгону менен, университеттин деңгээли чынында жогору. Эң мыкты мугалимдер, профессорлор сабак беришет. Аталган программа тууралуу фейсбуктан билип калдым. Биринчи жолу тапшырганда өтпөй калып, экинчи жолу аракет кылып өттүм.

Тандоо турлары үч этаптан турат. Биринчиси, студент тууралуу маалымат, сунуш кат алышат жана эки темага эссе жаздырышат. Экинчи этапта элчиликке маектешүүгө чакырышат. Үчүнчү турда англис тили боюнча экзамен (TOEFL) алынат. Атаандаштык аябай эле чоң болот. Мисалы, былтыры 700 гө жакын бала биринчи туруна катышкан экен, экинчи турга 25 бала өткөнбүз, анын ичинен 7, кайра анын ичинен 5 баланы тандаган.

Программа толук түрдө баарын камсыздап берди. Мисалы, кетээрдин алдында медициналык кароодон өтүшүбүз керек эле. Ага деле орточо эсеп менен 5000 сом кетмек. Ошондон баштап программа каржылап берген. Ошондой эле жолдон, аэропорттон тамактанууга деп кошумча каражат бөлүп беришет. Амеркага барып келгендеги авиабилеттер программа тарабынан алынат. Америкага баргандан кийин ай сайын 300 доллардан стипендия берет жана тамак-аш, турак-жай да бекер болот. Ал жакта биздегидей китепти окуп туруу үчүн убактылуу китептер берилбейт, сатып алышыбыз керек эле. Алар аябай кымбат болот. Аны дагы программа сатып алып берет жана кошумча онлайн курстарды алышыбыз керек болгон. Мисалы, менин 3 сабагымдын эле курсу 600-700 доллар болуп кеткен. Аны да программа каржылап берди. Кыскача айтканда, менин чөнтөгүмдөн бир сом дагы кеткен жок.

“Сабактарды жана профессорлорду өзүң тандайсың”

Чөнтөгүнөн бир сом чыгарбай Америкада окуп келген Билимбектин баяны

—Албетте, ал жактын билим берүү системасы айырмаланып турат. Эң эле чоң айырмачылык сабактарды өзүң тандайсың, каалаган курстан, каалаган тармактан өзүңө кызыктуу болгон сабактарды тандап окусаң болот. Ошол себептен группалаш деген түшүнүк жок. Ошондой эле профессорлорду дагы студент өзү тандайт. Бир сабакты 3-4 профессор берет. Ошолордун арасынан тандап алсаң болот. Барып келгенден кийин, албетте, англис тилим жакшырып калды.

Башында байкаган эмесмин. Кийинчерээк өзүмдүн ой-жүгүртүмдөгү өзгөрүүлөрдү көрө алдым. Ал жакта адамга көп көңүл бурулат да. Мурун кээ бир адамдардын кылык-жоруктарына кыжырдана берсем, азыр аны индивид катары карап калдым. Өзүмдү жана башкаларды кабыл алууну үйрөндүм. Бул жакта спорт  менен алектенем деп айтып коюп эле жүрө берчүмүн. Америкада көп таралгандыктан, жумасына жок дегенде 2-3 жолу чуркап турууну үйрөндүм. Анан убагы менен суу ичкенди дагы үйрөнүп келдим.

Менин бир кыялым бар болчу. Биринчи жолу океанды Маямиде күн баткан кезде көргүм келчү. Эртең менен же күндүзү эмес, күн батып аткан кезде. Бир күнү эртең менен чыгып эле барып көрөлү дегенбиз, анан адашып таппай жүрүп эле күн батып аткан учурда бардык. Ошондо кыялымдын орундалганын сездим. Аябай башкача сезимдер болуп, чече албай жүргөн нерселерим оңой чечилчүдөй болду. Ошондо чоң  чечимдерди кабыл алдым: окууну бүткөндөн кийин эмне менен алектенем, качан үй-бүлө курам, келечектеги 10-20 жылда эмне кылам дегендей. Азыркы учурда бизнес-долбоорлор боюнча алектенип жатам. Хостел жана туркомпания иштетип жатабыз.

Шаардык жана айылдагы бүтүрүүчүлөрдүн арасындагы айырмачылык түйшөлтөт

Азыркы учурда бизнес-долбоорлор боюнча алектенип жатам. Хостел жана туркомпания иштетип жатабыз. Мындан сырткары учурда алыскы айылдардагы окуучулар үчүн англис тили боюнча курс ачтык.

Себеби, шаардык жана айылдагы бүтүрүүчүлөрдүн арасынан маалымат жагынан теңсиздик, айырмачылык эмне үчүн көп жаралат? Деген суроо түйшөлтүп жүргөн.

Чөнтөгүнөн бир сом чыгарбай Америкада окуп келген Билимбектин баяны

Мен шаарга жаны келип ар түрдүү долбоорлорго аралаша баштаганымда, көпчүлүк учурда долбоорлордун 70-80%на шаардык окуучулар, тагыраагы ири  шаардан бүтүрүп келген окуучулар менен катышчумун. Ошол эле 2015-жылы Германияга конференцияга өткөнүмдө, жанымдагылардын баары Борбор Азия Америка университетинен (АУЦА) жана шаардагы башка окуу жайларды бүтүргөн балдар болчу. Бул көрүнүш АКШга кеткен программамда да байкалды.

Бүтүрүүчү класс үчүн кандай мүмкүнчүлүк ачыларын маалыматы бар шаардык окуучулар билип алышат, ал эми айылдарга маалымат да жетпейт.Мен бул көрүнүштү теңдегим келет.

Айыл жергесиндеги мектептер үчүн англис тилин окутуучу курс ачтым. Долбоор “I-STUDY” деп аталат. Анда бир гана англис тили окутулбастан, окуучулар үчүн мүмкүнчүлүктөр тууралуу тренингтерди өткөрөбүз жана арасынан суурулуп чыккан балдарды чет элдик программаларга даярдайбыз.

Чөнтөгүнөн бир сом чыгарбай Америкада окуп келген Билимбектин баяны

Окутуучу мугалимдер дагы чет мамлекеттик программалардын бүтүрүүчүлөрү.

Aзыркы учурда бул программада окуп жаткан окуучуларымдын саны 70 ке жетти жана эки айылды камтыйт.

Билим берүү тармагында иш алып баргандар менен байланышып, окуучулар үчүн ачылган программалар тууралуу маалымат алгым келет жана кеп- кенештерин уксам дейм.

Биз жаңы 10 айылды кошобуз, жалпы окуучунун саны 200 гө жетмекчи. Ошондуктан биз  англис тилинин мугалимдерин жумушка алабыз. Буга студенттер  деле жарайт.

Ырысбү Кылычбек кызы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты