Ысык-Көлдөгү айрым пансионаттарда дарбазалар, тосмолор алынбаганы үчүн облус жетекчисине сөгүш жарыяланды

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусундагы айрым пансионаттарда дарбазалар, тосмолор толугу менен алынбаганы үчүн облус жетекчиси Илияз Иманбетовго сөгүш жарыялады. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта Иманбетовго сөгүш Ысык-Көл облусунун айрым пансионаттарында дарбазалар, тосмолор толугу менен алынбаганы, ошондой эле көлдүн жээгинен курулуш материалдары ушул күнгө чейин чыгарбаганы үчүн берилгени айтылат.

Мындан тышкары, Илияз Иманбетов Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан коомдук тамактануу объектилерин мыйзамсыз курууга жол бергени белгиленет.

Белгилей кетсек, өткөн жылы президент Жапаров «Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляждык зоналарга кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, бул жарлыкты аткаруу жоопкерчилиги президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, мамлекеттик райондук администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына жүктөлөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты