Курултайда айтылган сын-пикирлер эске алынат

Курултайда айтылган сын-пикирлер эске алынатБүгүн, 24-ноябрда. Бишкекте өтүп жаткан коомдук саясий күчтөрдүн курултайынын ишине Президент Сооронбай Жээнбеков ийгилик каалады.

Мамлекет башчынын атынан президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев сөз сүйлөп, мындай иш-чаралар элди бириктириши керектигин айтты.

А. Кененбаев мамлекетти бириктирүү идеясы баарыбызды баш коштурушу керектигин,  өлкөнүн өнүгүшүнө кам көрүү ар бирибиздин парзыбыз экендигин, коомдо болуп жаткан кандай гана маселе болбосун, ачык талкууланышы керектигин айтып,  айтылган сын- пикирлер, сунуштар эске алынарын билдирди.

“Курултайдын идеясы, айтылган сындар жана сунуштар президентке маалымдалат жана алар каралат” деди ал.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты