Казакстан менен Кыргызстандан Россияга айрым айыл чарба өнүмдөрүн киргизбей жатат

Казакстан менен Кыргызстандан Россияга айрым айыл чарба өнүмдөрүн киргизбей жататКазакстандан жана Кыргызстандан ири партиядагы айыл чарба өнүмдөрүн Россияга киргизбей жатат. Бул тууралуу ветеринарлык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча «Россельхознадзор» федералдык кызматынын сайтында жазылды.

“17-ноябрдан 22-ноябрга чейин Россельхознадзор башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тарабынан Ростов, Волгоград, Астрахань облустарына жана Калмыкияга чек аранын Россия-Казакстан участкаларында “Караөзөк”өткөрүү пунктунда Казакстан менен Кыргызстандан Россияга 103 тоннадай  сапаты тобокелге алынган айыл чарба өнүмдөрүн киргизүү аракети болгон” деп айтылат бүгүн, 23-ноябрдагы билдирүүдө.

Алар кургатылган өрүк, алма, кара өрүк кактары, мейиз, абрикос даны, коон, ит мурун, барбарис, жангак ж.б.кактары, пияз, буурчак, күрүч ж.б. Бул товардардын тиешелүү маркировкасы болгон эмес.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты