Болот Шамшиев, режиссер: “Сариев убадаларын аткарат деп ишенем”

Болот Шамшиев, режиссер: “Сариев убадаларын аткарат деп ишенем”

Кыргыздын көрүнүктүү инсандарынын бири, белгилүү режиcсер, бир нече мамлекеттик сыйлыктардын ээси Болот Шамшиев агай менен өлкөдөгү азыркы саясий кырдаал, келе жаткан президенттик шайлоолор тууралуу маек курдук.

— Кыргызстанда президенттик шайлоо жакындаган сайын саясий абал чыңалып жатат. Сиз өлкөдөгү акыркы саясий кырдаал боюнча кандай көз караштасыз?
—Президенттик шайлоо үчүн күрөш абдан татаал болот. Биз Америкада Дональд Трамп менен Хиллери Клинтондун президенттик такты үчүн кандай күрөшкөнүн көрүп турдук. Францияда Макрон менен Лепендин бийликке жетүү үчүн күрөшүүсүн да байкадык. Саясий маселелер жагынан Кыргыз эли да бир топ алдыга жылды. Баарыбыз жакшы президент келсе деп тилек кылабыз. 25 жылда алдыга жылуу деген нерсе болбоду. Биз азыр “Мен Кыргызстанды алдыга сүйрөп кетем, жаңыча иштейм” деген талапкерлерге суусап турабыз. Элибиз электей болуп калды. Жакшылап ойлонуп, татыктуусун шайлап алат, буюрса аны убакыт көрсөтөт.

— Кыргыз элин алдыда боло турган шайлоодо чоң сынак күтүп турат. Кыргызстандын кийинки президенти катары кимди көрө аласыз? Болочок президент кандай болушу керек?
— Мен кийинки президент тең салмакты кармап тура алган, алдын-ала көрө билген, мамлекеттик жумуштарда иштеген, мурдагы жаман иштери менен өзүнүн атын булгабаган киши болушу керек. Талапкерлердин баарын таза деп айта албайбыз, кимдир бирөөнү жамандап коюу оңой эле, азыркы учурда байларга эл абдан нааразы. Ким чоң үйлүү болсо, эл аны казынанын акчасын уурдаган деп эсептеп калды. Биз талапкерлердин өзүн көрсөтүүсүнө мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Ал өзүнүн эл үчүн иштей турганын, Акаевдин, Бакиевдин кадры эмес экендигин далилдөөсү  керек. Келечектеги президент эл менен тыгыз байланышта болуп,  эл үчүн ачык болушу абзел. Жаңы президент өзүн жаап албашы зарыл, тилекке каршы, биз Акаевдин да, Бакиевдин да, башка президенттин да эл үчүн жабык болгонун көрдүк. Кийинки президенттер Аскар Акаевдин окуучулары болушту.

— Талапкерлердин арасынан Темир Сариевдин аты жакшы чыгып, эл ишенимине толук кирди деген пикирлер арбын. Сиздин ал тууралуу пикириңиз кандай? Сариев башка талапкерлерден эмнеси менен айырмаланып турат?
— Мен да Темир Сариевди президент катары көргүм келет. Анткени ал митингчилердин арасында жүргөн жери жок, ал бөтөлкөлөрдү көтөрүп алып көчөдөгүлөр менен жүргөн жок. Тилекке каршы, миллионер Бабанов ошондой күндөрдү өткөргөнүн көрдүк. Бакыт Төрөбаев да жакшы жигит, бирок Сариевге салыштырганда өтө жаш. Ал дагы үйрөнүшү керек, өкмөттө жана башка жактарда иштеп, тажрыйба чогултушу зарыл. Ал саясий жагынан ушундай мектептен өтүшү керек, тажрыйбасы жок туруп президент болуп, үйрөнөм десе туура болбой калат. Биз 25 жыл убактыбызды президенттердин окуп, үйрөнүүсү үчүн коротуп салдык. Акаев да, Бакиев да, башкасы да президенттикке келгенден кийин көп нерсени үйрөндү. Бизге азыр аларга салыштырмалуу даяр кадр керек болуп жатат. Мына ушул аты аталып жаткан талапкерлердин ичинен мен Сариевди тандайт болчумун. Аны жактырбагандар да бар, алар Бекназаров менен миллион долларды бөлүштү дешип сүйлөшүүсүн жарыялап да жиберишкен. Бул окуя бир нече жолу иликтенип, документтеринен бери бар экен. Президент Алмазбек Атамбаевдин журналисттер менен болгон жолугушууда Темир Сариев күнөөлүү эмес деп айткан сөзү да бар. Эл Сариевдин бул миллиондорго эч кандай тиешеси жок экенин билиш керек, менин оюмча, президенттик шайлоонун алдында Сариевди ушул окуя менен жамандашат.

— Темир Сариев премьер-министр болуп турган кезинде өлкөнүн өнүгүүсү үчүн бир топ алгылыктуу иштерди баштап, бирок саясий оюндардан улам аягына чыкпай калды эле. Темир Аргембаевич жеңишке жетишсе, өлкөнү кандай өзгөрүүлөр күтөт?
— Мен туризм министри болуп турганымда Акаев менин иштөөмө мүмкүнчүлүк берген эмес. Азыр кылынып жаткан көптөгөн иштерди биз мурда эле кылып коймокпуз. Сариев жаңыдан иштей баштаганда туризм багытына арналган бир чоң жыйынга мени конок катары чакырган. Анын идеясын, пландарын угуп туура жолдо бара жатканына ишенгем. Менин оюмча, экономиканы өнүктүрүү үчүн туризмдин салымы зор, Сариев өзү экономист катары өлкөнү кантип өнүктүрүү керектигин жакшы билет. Менин уулум да экономист, ал Сариевди көптөгөн экономисттер өз ишин билген чыгаан киши деп айтышаарын ар дайым мага айтып келет. Сариев бул тармакты сырттан эмес, ичтен жакшы билет, ал президент болуп калса, туризм тармагын өнүктүрөт деп ишенем.

— Бизде шайлоого чейин убадалар мол болуп, бирок шайлоодон кийин унутулуп кетет да. Темир Сариев ажо болсо, ушундай көрүнүштөр болбойт деп айта алабызбы?
— Мен Сариевди өзүнө тың киши деп эсептейм, жана Сариевди колдоп, адашпадым деп ойлойм. Ал кандай убадаларды берген болсо, ошонусунун баарын аткарат  деп ишенем. Сариев саясий оюндардын курмандыгы болуп калды, эгерде дагы бир аз иштеп турганда Балыкчы-Корумду жолун аягына чейин чыгармак.

— Негизи эле кыргыз саясатында кандай кемчиликтер бар деп ойлойсуз?
— Кыргыз саясатында бир эле кемчилик бар – биз баарыбыз анархисттербиз. Кыргыздар үчүн бийлик улак тартыш сыяктуу, ар ким өзү үчүн күйүнөт. Биз команда менен чогу иштегенди үйрөнө элекпиз, ар ким өзү үчүн жүргөнү жаман. Бизде ар ким өзүн гана ойлогон жаман сапат бар. Мисалы, президенттик шайлоого да 100-200 талапкер чыгышы мүмкүн.

— Өлкөбүз өткөн кемчиликтерди кайталабоосу үчүн, алдыдагы шайлоодо калкыбызга кандай кеңеш берет элеңиз.
— Мына 25 жыл убакыт өттү, биз муну жаштык менен өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошо албай калдык деп эсептеп коелу. Бирок азыр Кыргызстанга “Мен жалпы кыргыз элинин президентимин” – деген киши керек. Бизге кандайдыр бир топтун президентинин кереги жок. Жаңы президент “Мен ар бир жаранга өзүмдүн ата-энеме, бир тууганыма мамиле кылгандай мамиле кылам” – деши керек. Сариев муну түшүнүп жетти деп ишенем. Жаңы президент “Артка карай жол жок, артка кылчайбайбыз” – деп, алдыга гана кадам ташташы керек. Тилекке каршы, КМШ өлкөлөрүндө байлардын классын түзүү менен алектенген президенттер болгон. Биздикилер да ушул жол менен кеткени өкүндүрөт. Бизге байлардын классынын кереги жок, бизге демилгелүү, энергиялуу, патриот кишилердин классы керек. Жаңы президент байлар жана кедейлер деп бөлбөшү керек. Ар бир жаран өз ишмердигин эркин жүргүзүшү керек. Бизде көптөгөн билимдүү кишилер бар, алардын иштөөсүнө мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Жаңы президент эч качан артка кылчайбай, бир гана алдыга карай умтулушу керек, бизге азыр ошондой киши керек болуп турат. Мен ошондой кишилердин бири катары Темир Аргембаевичти эсептейм.

Карлыгач Кудайбердиева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты