ВИЧ оорусун жугузган ийнелер (фактчекинг)

Мессенжерлер аркылуу Бишкектин отургучтарында ВИЧ оорусун жугузган медициналык ийнелер табылып жаткандыгы тууралуу маалымат тарап жатат.

Сүрөттө көрүнүп тургандай ийнеде кандын издери бар. Биз бул маалыматтардын фейк экендигин аныктап көрдүк.

Биринчи кезекте сүрөттү көчүрүп алып, Google же каалаган башка издөө системасына киргизип көрөбуз.

ВИЧ оорусун жугузган ийнелер (фактчекинг)

Белоруссия же Казакстан

Эң биринчи издөө системасына киргизгенде Белоруссия жана Казакстанда дал ушул эле сүрөттөр менен окшош маалыматтар таралып жатканын байкадык.  Эми издөө системасы бизге таап берген сайттарга кирип, маалыматтын булагын издөөгө аракет кылып көрөбүз.

Белоруссиянын маалымат булактарында Солигорс шаарындагы отургучтарда ВИЧ оорусу жугузулган ийнелер бар деген маалымат жарандын социалдык тармактагы баракчасына жазганын айтып чыгышкан.

ВИЧ оорусун жугузган ийнелер (фактчекинг)

Ошол эле учурда Казакстандын дагы маалымат булактарынла дал ушул сүрөт менен, Караганда шаарындагы отургачтарда табылган ийнелер менен элди дүрбөлөңгө салып жатышканын жазышкан.

ВИЧ оорусун жугузган ийнелер (фактчекинг)

Станислав же Святослав

Белоруссиялык маалымат булактарда маалыматтын булагы көрсөтүлгөн. Бирок, кээ бирлеринде Станислав болсо, кээ бирлеринде Святослав.

ВИЧ оорусун жугузган ийнелер (фактчекинг)

ВИЧ оорусун жугузган ийнелер (фактчекинг)

Кайсыл социалдык тармак аркылуу маалыматтын таратылганын билгенден кийин, маалымыаттын булагын издеп көрдүк. Жыйынтыгында, Белорусиянын Солигорск шаарынын тургуну Святослав Кукреш 2018-жылдын, 4-ноябрында бул маалымат менен бөлүшкөнү аныкталды.

ВИЧ оорусун жугузган ийнелер (фактчекинг)

Демек, бул сүрөттөр Бишкекте тартылган эмес жана  мессенжерлер аркылуу таратылып жаткан маалыматтар туура эмес. Ал эми Белоруссияда муну фейк эмес, чыныгы маалымат деп билдиришкен.

ВИЧ оорусун жугузган ийнелер (фактчекинг)

Ырысбү Кылычбек кызы

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты