Референдум сабактары же өлкөнү “жиндичиликтен” коргоо зарылдыгы жөнүндө
- 7 лет мурун
- Блог
(Башы гезиттин өткөн санында)
Өткөн сандагы сөз учугун улай турган болсок, биз “ЭЛ”, “УЛУТ”, “КАЛК” деген сөздөрдү толук аныктабай, ар ким өз түшүнүгүнө жараша колдонуп келе жатканын дайыма жадыбызда сакташыбыз зарыл. Анткени ушундан улам көпчүлүк учурда орусча жазылган материал менен кыргызча которулушунун ортосунда айырмачылык чоң болуп калат, мааниси боюнча ката кетет.
Мисалы, орусча «Обращение к нации» дегендин кыргызчасын болсо «Элге кайрылуу» деп беришет. Бул котормодогу мүчүлүштүк эмес. Бул биздин негизги категорияларды эмдигиче так түшүнө бербегендигибиз, аларга так аныктама жок экендиги, орусча «нация» деген сөздүн так аныкталбай колдонгонубуз. Батышта «нация», «национальные интересы» деген «мамлекет», «мамлекеттик кызыкчылыктар» деген мааниде колдонулат. Орус тилинде болсо «нация», «национальные интересы» деген сталиндик аныктамада алынган «улут», «улуттук кызыкчылыктар» маанисинде дагы колдонулат. Анткени Орус улуту менен Орусия мамлекетинин кызыкчылыгы бир деген концептуалдуу көз караш кеңири тараган. Ошол эле СССР убагында “Совет эли” деген менен “Орус эли” деген бир эле түшүнүк болуп калыптанып бара жаткан. Ал эми Кыргызстанга карата алганда бул маселени тактап, айырмалап айтуу зарыл. Чакмак ойногонсуп бирде эл, бирде улут деп айта бериш бери дегенде билимсиздик. Сөздүн саясий маанисинде “улут”, же этникалык маанисинде “улут” деп бөлүп айтуу деле натуура. Улам-улам “бул сөздү кандай мааниде колдонуп жатасың?” деп тактап отуруш мүмкүн эмес. Ошол себептен, “улуттук кызыкчылык”, “улуттун келечеги” деп айтып же жазып жатканда кеп кыргыздар жөнүндө болуп жатабы же жалпы эле Кыргызстан калкы жөнүндө болуп жатабы, тактап айтыш керек. Эгерде кеп кыргыз улуту жөнүндө болуп жатса, анда башка диаспоралардын (орустар, өзбектер, уйгурлар, дунгандар, корейлер, тажиктер, казактар жана башкалар) ордун көрсөтүп, ал эми кеп жалпы эле өлкөбүздө жашап жаткан калк жөнүндө болсо “улут” деген сөздү аралаштырбай эле сүйлөгөн туура болот, «улут», «улуттук таламдар» деп баш айлантпай, «эл», «мамлекет», «мамлекеттик таламдар» деп даана айтылышы керек.
Ушул өңүттөн алганда Бириккен Улуттар Уюму деп дагы туура эмес мааниде колдонуп жүрөбүз, негизи Бириккек Мамлекеттер Уюму (же Шаркети) деген ылайык болмок, анткени бул уюмга Уставга ылайык эл аралык деңгээлде таанылган, эл аралык укуктун субъектиси болуп эсептелген гана мамлекеттер мүчө боло алат. Биздин түшүнүк боюнча улуттардын эч кандай тиешеси жок.
Бизде жашап жаткан башка улуттагы адамдар акыры барып өздөрүн кыргыздан айырмалабай бир улут катары эсептейт деген ойго жетеленгендер да болуусу ыктымал. Бул жаңылыш пикир. Балким жакында Өкмөт тарабынан чечим кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын жарандыгын аныктай турган негизги документ болгон паспортто улутун көрсөтпөй, ачык жазбай, көмүскөдө калтырылып жатышы да ушул жаңылыш пикирден улам болушу мүмкүн. Бул ишке ашпай турган куру кыял. Кыргыздын баары тентип кетип бул жерде жалаң кытай же башка бир улут басымдуулук кылып калганда эле ошондой болбосо, жакынкы жүз жылда өзбек, уйгур, дунган, орус, тажик, корей жана башка калктар өздөрүн эч качан кыргызмын деп эсептебейт, улутум кыргыз деп да айтпайт. Мындай окуя болуусуна азыр экономикалык, саясий жана маданий да негиз жок. Азыр Өкмөттүн бул чечимине нааразычылык чоң, ар кандай жыйындарда “улуту” деген жазууну кайра калыбына келтирүү талабы ачык эле айтылып жатат. Президент Атамбаевдин турмушка ашуусу күмөн болгон, шашылыш түрдө чийки даярдалып жаткан “2040” деген стратегиясында жазылып жатат деп эле, ал жерде “кыргыз жараны” деген түшүнүктү калыптандыруу идеясы айтылып калды деп эле паспорттон “улуту” деген маанилүү жерин алып салышты көрүнөт, “мына сиздин идея ишке аша баштады” деп айтыш үчүн эле. Паспортто улутун жазбай, белгилебей койсо эле өзбек же дунган адам “мен кыргыз жаранымын” деп айтып калат деш күлкү келтирет. Бул маселени саясатташтырбай, көпчүлүктүн бүйүрүн кызытпай эле шашылыш чечим болуп калганын моюнга алып, тезинен “улуту” деген жерин кайра калыбына келтирүү максатка ылайык. Акыркы кезде Россия, Түркия мамлекеттеринде Кыргызстанда туулуп өскөн, бирок улуту өзбек жарандарды террорчулук иштерге аралашканы, ал жакта Кыргыз мамлекети жана кыргыз улуту жөнүндө натуура пикирлер калыптана баштаганын эске алсак, анда “улуту” деген жазууну тезинен, шашылыш түрдө кайра киргизүү учурдун зарылчылыгы экендиги талашсыз. Ал жактагылар да билүүсү зарыл кимдин ким экендигин.
Кудайга шүгүр дейли, өзүбүздүн улуттук мамлекетибиз бар, эки жүзгө жакын эгемендүү мамлекеттердин катарында Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болуп, башка мамлекеттердин катарында Кыргыз мамлекетинин туусун оболотуп көтөрүп жүрөбүз. Бул чоң дөөлөт, кыргыз элине түшкөн Кут. Ошону менен биз улут катары сакталып калуу жана өнүгүү мүмкүнчүлүгүнө, алардын зарыл шартына ээ болдук. Бирок бир нерсени эсибизден чыгарбоо ар бирибиз үчүн парз. Ата-бабаларыбыз миңдеген жылдар бою айыгышкан уруштарда, кандуу кагылыштарда коргоп келген ыйык Ала-Тоо журтубузда гана биз Кыргыз болуп, эгемендүү Кыргызстанда гана биз Улут катары калыптанып өнүгө алабыз. Бар болгону 4 миллиондун тегерегинде саны бар бир ууч элбиз. Эч ким, эч жерде кыргыздарды кучак жайып тосуп турган жок. Бизде Кыргызстандан башка мекен жок. Өз тагдырыбыз өз колубузда. Биз улут катары өзүбүздү сактоого жана өнүгүүгө милдеттүүбүз.
Кыргыздардын эл катары сакталып калышына жана өнүгүшүнө, биримдиктүү кыргыз улутунун калыптанышына өзүбүзчө улуттук мамлекет болуп турганыбыз эле жетиштүү эмес, буга соңку 26 жыл эгемендик тарыхыбыз толук далил. Эгемендүүлук жылдар ичинде бизге таңууланып келе жаткан өнүгүүнүн башкаларды туурама, белимчилик стратегиялары улуттук дөөлөттөрдүн тамырын кыркып, улуттук рухту жоюп, улуттук өзгөчөлүктөрдү жоготууга алып келе жатканын кантип танабыз. Акыры барып биз эл катары жок болуп кетишибиз мүмкүн. Биз бул жагдайды дайыма эсте тутушубуз керек. Ошондуктан улутка, улут кызыкчылыктарына жөн эле, кош көңүл карап, кадырэсе маселе катары мамиле жасоо туура эмес.
Бүгүн биримдиктүү Кыргыз улуту жок. Бизде аймактарга жана урууларга бөлүнгөн, өздөрүн Кыргыз деп атаган калк гана бар. Биз биримдиктүү кыргыз улутун калыптандыруубуз зарыл, бир эл болушубуз абзел. Улуттук биригүү кыргыз элинин байыркы салтынын, элдин жамаатташып жашоо сезиминин негизинде ишке ашканы максатка ылайыктуу. Жамаатташуу, коомдошуу жолу менен бирдиктүү бүтүн эл түзүлө турганын, бул жолдун негиздемелерин “Жети Аке таалими – өнүгүүнүн өзөгү” деген 2014-жылы жарык көргөн китепчеде толук негиздеп жаздым эле, ошондуктан бул жерде кыскача эле токтолуу максаттуу деп ойлойм.
Базар экономикасынын идеологиясын жана демократиялык түзүлүштү калпыс түшүнүү менен биз “кимди ким көрдү, быржыбайды там басты”, “өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” деген коомдук түзүлүшкө баш уруп алганыбыз ачуу чындык.
Демократия дегенди “ар ким өз каалаганын кылат, оозуна келгенди сүйлөйт” деп билгендер да толтура. Эркиндикти ээн баштык катары кабыл алгандар четтен чыгат. Натыйжада коом ыдырап, жоопкерчилик жоголуп, тууган ичинде гана эмес, бир үй-бүлө ичинде да ынтымак кетип, элибиздин куту качып, кунары кетип бара жатат. Азыр атасы менен баласы, энеси менен кызы, кайнене менен келини соттошуп, милициялап арыздашып жүргөнү кадыресе эле көрүнүш болуп калды. Атасы кызын зордуктаптыр, баласы энесин союп таштаптыр деген кабар деле көнүмүшкө айланып бара жатат.
Бул көрүнүшкө кол шилтеп, менин ишим кайсы, соттошсо туугандар соттошуп жатат, мушташса да, тиштешсе да өз иштери деп көз жумуп койгонубуз туура болобу?
Деги биз эл катары, коом катары кай жакты карай бара жатабыз? Ич ара чатакташууну, араздашууну аттуу-баштуу адамдар чогулуп, ортого алып эле чечип койгон заман кайда калды, элибиздин көөнөргүс салты, түпкүлүктүү наркы кайда калды?
Ошондой эле тууган ичиндеги өз ара жардамдашуу, каралашуу маселесин алалы. Качан эле кыргыздар жетим-жесирлерин, кары-картаңдарын кароосуз таштап салуучу эле? Азыр жетимканаларда да, карылар үйүндө да кыргыздар толтура. Багаар-көрөөрү жоктор гана эмес, балдары туруп ошол жерге барып башпаанек издөөгө мажбур болгондор да көп. Тентип, кайыр сурап жүргөн кыргыздар канча…
Заман ушул нугунда агып бара берсе эртең эле “баланчанын уулу түкүнчөнүн уулу менен баш кошуптур”, “баланчанын кызы менен түкүнчөнүн кызы үй-бүлө куруп жатыптыр” деген, азыр акылга сыйбай турган сөздөр да биз үчүн “ал алкаш болуп калыптыр, наркоман болуп калыптыр” деген сымал эле кадыресе көнүмүш сөз болуп калабы деп коркот экенсиң.
Алкаш демекчи, арактын азабынан канча тагдыр сынып, канча бала жетим калып жатат, канчалаган жаштар наша же башка бангизат чегип алып чала кайым болуп жүрүшөт?
Кайда барып токтойбуз? Деги ушул туңгуюктан чыгуунун жолу барбы?
Албетте бар. Мына ошол жолду табуу, элибизди миңдеген жылдар бою жоготпой сактап келген жашоо ыңгайына түшүү, мамлекеттик жана коомдук түзүлүштү мына ошол илгерки наркка негиздеп куруп чыгуу милдети турат алдыбызда.
Коомдук түзүлүштүн, мамлекеттик түзүлүштүн башаты – бул үй-бүлө. Үй-бүлөнүн бекемдиги, үй ичинде салттын сакталышы, ыймандын барлыгы коомдун бекемдигине түздөн-түз таасир этет. Ал эми өз алдынча тирдик кылып, катарга кошулуп, сөзгө аралашып калган үй-бүлөнү кыргыз түтүн деп айтат. Илгерки заманда уруунун же уруктун салмагы, күчү түтүндүн санына жараша, каруу-күч берүүчү эр жигиттердин караанына карата аныкталган.
Бир атанын тукуму болгон түтүндөр бир ондукка биригишкен. Кылымдан кылымга кыргыздардын коомдук түзүлүшү ушул ондуктарга негизделип келген. Алардын чарбасы, конушу, жайыты бир болгон. Бүлүнүп, же кыргынга кабылган уруулардын калдыктары курама ондуктарга, же курама уруктарга биригүү салты да орун алып келген. Кандай болгон күндө да ондуктар, же туугандыкка негизделген ондук-жамааттар коомдук түзүлүштүн башаты болуп, өз алдынча уюштуруу жана өз алдынча башкаруу системасынын өзөгү болушкан.
Ондук ичинде, ошондой эле аталаш ондуктарды бириктирген уруктун ичинде да ынтымак, өз ара жардам күчтүү болгон. Алдуусу алсызына каралашуу, жетимдерге, жесирлерге кам көрүү, ашар менен, же алгоолошуп иш бүтүрүү, саан берүү, мал курап берүү, ат күчүн берүү сыяктуу ички ынтымак бар болгон. Жалпы урук башында мүшкүл жок болсо ичер ашы, кийер кийими, минер аты жок түтүн болчу эмес. Уруу ичинен бирөө-жарымдын тентип кетиши, кайыр сурашы же ачкадан өлүшү жалпы уруктун намысына тийе турган иш болгон. Жетимдер, жесирлер багуусуз, кароосуз калган эмес.
Бүгүнкү күндө да бир атанын тукумун бириктирген ондуктар тууган ичиндеги ынтымакты кармоодо, жамандык — жакшылыкта өз ара жардам меселелерин чечүүдө ордун жоготпой келе жатат. Бул жакшы көрүнүш.
Кийинки мезгилде чоң айылдарда, айрыкча эл аралаш жашаган айылдарда, шаарларда бир көчөдө же жанаша көчөлөрдө жашаган кошуналардын жамааттары да түзүлүп келатат. Мындай жамааттар көбүнчө жамандык-жакшылыктардагы ыражага же болбосо шеринеге негизделген. Бул жамааттар (же ондуктар) да коомдук түзүлүшкө негиз боло алат.
Биздин максат — түпкүлүктүү, туруктуу жамааттар болгон ушул баштапкы эки ондук-жамааттын (туугандык жана кошуналык негизде түзүлгөн жамаат) ички өз алдынча уюшуу принциптерин (принципы самоорганизации), өз алдынча башкаруу принциптерин (принципы самоуправления), ошондой эле ички маселелерди чечүүгө өбөлгө болуучу ички каржы фондусун түзүү менен бир айылда же бир шаарда жашаган калктын Коомдоштугун түзүү. Жамааттардын шаркети бир айылдын же шаардын коомдоштугун түзөт.
Ушул негизде уюшулган Коомдоштуктар гана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийликтеринин чыныгы ээси боло алышат, ички уюшкандыктын жана жалпы кызыкчылыктарды коргоочу механизмдердин пайда болуусу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө дараметтери жетет, жергиликтүү бийликтерди түзүп, аларды “жиндичиликтен” коргоп кала алышат.
Уюшулган айылдык жана шаарлык коомдоштуктардын жалпы биримдиги гана өлкөнүн калкын бирдиктүү ЭЛ кылып кайра түзөт, Баш мыйзамга ылайык “… эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп…” саналган башкы субъект жаралат.
(Уландысы кийинки санда)
Эмилбек Каптагаев