Мушташкан видеосу интернетке чыккан кыздар кармалды

Мушташкан видеосу интернетке чыккан кыздар кармалдыОшто мушташып жатканы видеотасмага жазылып, интернетке жарыяланнган кыздар кармалды.

Токмоктогон кыз да, токмоктолгону да 11-класстын окуучулары, тасмага тарткан кыз убактылуу окубайт. Кыздар  16 жашта. Алардын бири эки жолу шарттуу соттолгон.   Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.

Териштирүү көрсөткөндөй, 16 жашар кыздардын мушташы 21-ноябрда саат 11 лерде Ош шаарынын райондорунун биринде болгон.

Видеотасмада көрүнгөңдөй, бир кыз токмоктолуп, кан болгон,   2002-жылы туулган. Аны Кара-Суунун Отуз-Азыр айлыныда жашаган окуучу кыз токмоктогон. Аларды мушташ учурунда  тасмага тарткан кыз да 2002-жылы туулган.
Чоң муштум кыз эки жолу соттолгон, биринде уурулук менен, экинчисинде бейбаштыгы үчүн. Мурда  Ош шаарында жашап, кийин Отуз-Адыр айылына көчүп келген. Атасы жок, апасы жалгыз тарбиялап жатат.

Телефонго тарткан кыз убактылуу окубайт. Тасманы ушул кыз интернетке тараткан.

Кыздар бирин-бири тааныган эмес, социалдык түйүндөрдө урушуп кеткенден кийин жолугушуу белгилеп, Ош шаарынан жолугушукан. Бири-биринин чыныгы ысымдары ким экенин да билишпейт, виртуалдык дүйнөдө алар башка ысымда катталышкан.

Милиция бул фактыны  бейбаштык деп эсептеди. Кыздар бири-бирине дооматыбыз жок деп милицияга арыз жазуудан баш тартышкан.

 

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты