9 айда ички дүң продукция өндүрүү төмөндөдү

 
9 айда ички дүң продукция өндүрүү төмөндөдүКыргызстанда ушул жылдын 9 айында ички дүң продукцияны өндүрүү төмөндөп кетти. Алсак, 2018-жылдын 9 айында ички дүң продукция өсүшү 2,0 пайзыды түзгөн. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда 1,3 пайызга төмөн.

 

Ички дүң прлодукциянын (ИДП)  номиналдык көлөмү 420,0 млрд сом деңгээлинде түзүлдү.

2018-жылдын январь — октябрь айларынын жыйынтыгы боюнча өндүрүш продукцияларын өндүрүү, реалдуу алганда, 1,4 пайызга төмөндөдү (2017-жылдын январь — октябрында 13,8 пайызга өскөн).

Өнөр жайда, “Кумтөрдү” эске албаганда, 1,2 пайызга өсүш (2017-жылдын январь — октябрында 20,9 пайызга өсүш болгон) энергетика секторунда – 2,2 пайызга, кайра иштетүүчү өнөр жайда – 1,2 пайызга өсүштүн эсебинен болду. Пайдалуу кендерди казып алуу 35,6 пайызга төмөндөдү.

2018-жылдын январь — октябрында кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү өсүш 2,0 пайызды түздү (2017-жылдын январь — октябрында өсүш 0,8 пайызды түзгөн). Дүң жана чекене соода, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоо кызматтарынын өсүшү 5,3 пайызды түздү, ошону менен бирге чекене сооданын өсүшү (автомобиль жана мотоциклдерди сатуудан тышкары) 3,8 пайызды түздү.

Мейманканалардын жана ресторандардын кызмат көрсөтүүлөрү 2018-жылдын январь — октябрында 7,1 пайызга көбөйдү (2017-жылдын январь — октябрына 8,0 пайызга өскөн).

Почталык жана чабармандык иш кызматтары 2018-жылдын январь — октябрында 2017-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1,2 пайызга көбөйдү, байланыш кызматтары 7,7 пайызга төмөндөдү, тарифтик кирешелер 18 млрд 882,9 млн сомду түздү.

Жүргүнчүлөрдү ташуу кызматтары 2018-жылдын январь — октябрында 3,0 пайызга өстү. Транспорттун бардык түрлөрү тарабынан ташылган жүктөрдүн көлөмү 3,7 пайызга көбөйдү (2017-жылдын январь — октябрында 1,8 пайызга өскөн).

2018-жылдын январь-октябрында айыл чарба, токой чарба жана балык уулоо продукцияарынын  көлөмү 183 млрд 679,5 млн сомду, өсүш 2,5 пайызды түздү (2017-жылдын январь — октябрында 2,2 пайызга өскөн).

2018-жылдын 9 айында негизги капиталда инвестицияларды өздөштүрүү деңгээли өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу бардык каржылоо булактарынын эсебинен 5,4 пайызга көбөйдү (2017-жылдын январь — октябрында 1,6 пайызга өскөн). Отчёттук мезгилде факт жүзүндө 101 млрд 738,4 млн сом негизги капиталда өздөштүрүлдү.

Курулуштун дүң өнүмүнүн жалпы көлөмү 2018-жылдын январь — октябрында 8,3 пайызга өсүп, 100 млрд 957,0 млн сомду түздү.

Расмий катталган жумушсуздардын саны 2018-жылдын октябрь айынын этегинде 70,1 миң адамды түзүп, 2017-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 10,5 пайызга өстү (2017-жылдын январь — октябрында 11,9 пайызга өскөн).

Орточо айлык эмгек акынын анык өсүшү 2018-жылдын январь — сентябрында 4,3 пайызды түздү, акчалай түрдө орточо айлык эмгек акы 15 752 сом деңгээлинде түзүлдү.

Алдын — ала маалыматтар боюнча тышкы соода жүгүртүү 2018-жылдын январь — сентябрында 4 млрд 814,1 млн АКШ долларын түзүп, 2017-жылдын январь — сентябрына салыштырмалуу 7,3 пайызга өстү, анын ичинде экспорт – 1 млрд 177,4 млн АКШ долларын (3,1 пайызга төмөндөдү), импорт – 3 млрд 636,7 млн АКШ долларын (11,2 пайызга өстү) түздү.

Импорттун көлөмү экспорттун көлөмүнөн ашып кеткенине байланыштуу соода балансынын терс сальдосу 2 млрд 459,3 млн АКШ долларын түздү.

Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты