Нарын облусунун Байзак айылында инклюзивдик эс алуу борбору ачылды

  • 1 год мурун

Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Байзак айылында инклюзивдик борбор ачылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мекеме Байзак айылдык кеңешинин төрайым Мээрим Молдалиеванын демилгеси жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин колдоосу менен ачылды.

Борбордун ачылышына эмгек министри Кудайберген Базарбаев, Жумгал районунун акиминин орун басары, жергиликтүү бийликтин, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Инклюзивдик борбордо айыл тургундары көңүл ачууга, таланттарын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Ошондой эле борбор үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана гендердик колдоо боюнча иштерди жүргүзөт.

Министрдин айтымында, министрлик бир нече жылдан бери «Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө» мыйзамдын алкагында коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга 48 млн сом бөлүп, өлкө боюнча коомдук демилгелерди колдоп келет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты