Премьер-министр бүгүн Таласка барат

Премьер-министр бүгүн Таласка баратПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 23-ноябрда, Талас облусуна жумуш сапары менен барат.

Өкмөт башчы аймактын бир катар айыл чарба объектилеринин иштери менен таанышат.

Бакай-Ата районундагы «Нур»  көп тармактуу айыл чарба кооперативин, Кызыл-Адыр айылындагы «Эмилия» сүттү кайра иштетүүчү заводун жана Кара-Буура районундагы Жоон-Дөбө айылындагы М. Лущихин атындагы  асыл тукум заводунда болот.

Мындан тышкары Чек ара кызматынын Талас шаарындагы кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйдүн курулушунун жүрүшүн текшерет.

Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты