Кыргызстан менен Германия билим берүү тармагында кызматташуу тууралуу макулдашты

  • 1 год мурун

Кечээ, 22-июнда Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен Германиянын “Janser Education Academy” жана “Janser Consult GmbH” компаниясы кызматташтык жана өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, документке Германиянын федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин Кыргызстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында кол коюлган.

Анда кесиптик билим берүү жаатында биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү жана ишке ашырууга көмөктөшүү, бош иш орундар жарманкелерин биргелешип өткөрүү, илимий-практикалык конференцияларды, форумдарды, семинарларды уюштуруу, бул жаатта тажрыйба алмашуу жана башка билим берүүгө байланышкан максаттар каралган.

Мындан тышкары, билим берүү жана илим министринин орун басары Бекжан Супаналиев Германиянын “Arinstein” (Аринштайн) компаниясынын өкүлү менен жолугуп, кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү багытында кызматташуу жана биргелешкен долбоорлорду түзүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты