Президент Жапаров мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерди кесиптик майрамы менен куттуктады

  • 1 год мурун

Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда Кыргызстандагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосун президенттик администрация жарыялады.

«Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Мамлекеттик түзүлүштүн туруктуу өнүгүшүндө жана калкка кызмат кылууда мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгеги зор.

Сиздердин чаалыкпаган иш-аракетинин негизинде эл-журтубузга ыкчам жана ыңгайлуу кызмат көрсөтүүнүн сапаты жакшырып барат«, — деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Жапаров бүгүнкү күндө кадр маселеси өлкө жетекчилигинин көңүл чордонунда экенин белгилеп өткөн.

Ал мамлекеттин маанилүү багыттарынын бири катары кадр саясатындагы ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, элдин ишенимин арттыруу жаатында кадрларды түзүлгөн резервден дайындоо, ротация кылуу сындуу чаралар көрүлүп келе жатканын кошумчалаган.

Президенттин айтымында, ушу жылы кесипкөй кадрдык аппаратты түзүү максатында 2023-2025-жылдары Кыргыз Республикасында кадрларды өнүктүрүүнүн жана түзүүнүн мамлекеттик стратегиясы кабыл алынып, ишке кирди.

«Келечекте бул документ аркылуу укуктук, уюштуруучулук жана социалдык институт катары мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат системасын калыптандырууга жана натыйжалуу иштетүүгө жетишебиз. Анын негизинде кесипкөй, компетенттүү, кабыл алынган чечимдер жана иштин натыйжалары үчүн жоопкерчилик ала алган, этика стандарттарын бекем сактаган адистерди өстүрүп чыгууга жол ачылат«, — деп билдирген Жапаров.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты