«Акнетти» Финпол текшерүүгө алды, компания рейдерлик баскынчылык болуп жатат дейт
- 6 лет мурун
- Баяндар
Бишкектеги «Акнет» телекоммуникациялык компаниянын башкы кеңсесин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы текшерүүгө алынды. Компания муну рейдерлик баскынчылык катары баалап жатат.
Маалыматка ылайык, Финансы полициясынын колунда компанияны текшерүүгө алуу үчүн соттун уруксаты бар. Ишкана ири өлчөмдө салык төлөбөгөнү боюнча арыз түшкөн. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы арыздын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 221- («Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы») беренеси менен иш козгогонун билдирди.
Бирок компаниянын өкүлдөрү мурда аткаруучу директор болуп иштеп кеткен Руслан аттуу жаран «Акнетке» каршы негизсиз арыз берип, компанияны рейдерлик жол менен тартып алууну көздөп жатканын айтышууда. Компаниянын кызматкерлери Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тинтүү боюнча эч кандай документ көрсөтпөй жатканын маалымдашты.