Бекташ Шамшиевдин гезитте иштеген жылдардагы эскерүүлөр
- 7 лет мурун
- Блог
Таланттуу журналист, адабият таануучу Бекташ Шамшиевдин гезитте иштеген жылдардагы эскерүүлөрүнөн сунуш кылабыз.
“Тоого качып кетем”
“Республика” гезитиндеги мыкты журналист Ырысбек Өмүрзаковду а кездеги Ленин заводунун баш директору Михаил Парышкура жалган жалаа жапты деп сотко берип, мен гезиттин атынан Ырысбекке коомдук жактоочу болуп катышып жүргөм. Аскар Акаевдин тушунда деле гезиттерди сот колу менен куугунтукка алмай, редакцияларды жүдөтмөй көп болчу. Парышкура социализм доорунда партиянын Борбордук Комитетинде иштеген төбөлдөрдүн бири болчу.
Биз сот менен алектенип жүргөндө гезитке журналист Жума Мамбетов деген байкебиздин Бишкек шаар башчысы Борис Силаевди келиштире сындаган макаласы чыгып калды. Соттук териштирүүдөн жаңы эле келип редакцияда отурсам, Жумакем жаркылдап кирип калды. — Жуке, иш чатак,- дедим мен. – Силаев да сотко бергени атыптыр. Жана сиз жокто адвокаты келиптир. Документтерин даярдап беришиптир. Эми прокуратурага беребиз, анан мынабу журналистиңерди камакка алабыз деп кетти.
Ойдо жок жерден капыс кабар уккандан кийин Жукемин өңү бозоруп, эмне кыларын билбей алдастай туруп калды да: — Беке, туура айтпадыңбы, Силаев келип мени каматкыча Тоңдун тоолоруна барып жашынып турсам кантет?
— О, кокуйгүн Жуке, милиция эмне Тоңдун тоолоруна жете албас болуппу, кармап келет эртең эле дегдеңдетип,- десем, Жукем чындап эле минтип айтып отурбайбы: — Мен билем эч ким таба алгыс жерди, бала кезде мал жайган жерлерди жакшы билем. Азыр эле кетип калайын,- деп Жукем чындап өң-алаттан кетип калыптыр.
Аны көрүп туруп Токтобай ага экөөбүздүн боорубуз эзилип кала таштады. Тамаша экенин айткандан кийин да Жумакем өзүнө келе албай отурду.
“Эми аны айтышат да”
“Республика” гезитинин редакциясында жаңыдан ишке орношкон кезим. Бир жолу Замира колума бир катты карматып, “ушуну тактап, чыгарып койсоң”деп калды. Катта кайсы бир райондук соттун кылган-эткендери, тоок уурдаганды абакка кесип, акча берген чыныгы ууруларды актап ийгени, кыскасы, адам тагдырын каалагандай калчаган өзүм билем соттун бир топ кыңыр иштери тизмеленген экен. Кат узундан узун, анан да соттун беделине шек келтирчү ачуу сөздөргө шыкала жазылыптыр.
Окугандан кийин редакцияда узак жатып калган каттын авторуна телефон чалдым. Макаласы гезитке азыр эле чыга калчудан бетер ал эже аябай сүйүнүп алган экен, кандай маселе менен чалып жатканымды айтсам. — Ол, өзү жазылгандын баарын жок дей албайт, тана албайт, уяты болсо тана албайт, мен анын жегендеринин бир четин эле жаздым, дагы жазсам, оу чоң китеп болуп кетет,- дегенден башканы айтпай туруп алды. Мен ал кишиден далилдериңиз барбы, эртең нааразы болгон сот арыз берсе эмнени көрсөтөбүз деген суроону узаттым. – Ол уяты болсо, абийири болсо тана албайт, жегендерин бүт айтып берсем сот деле угар акыры. Андан үкам, кам санаба, сен чыгара бер, о калганын өзүмө кой.
Менин улам-улам түшүндүргөнүм эжеге жетпеди окшойт. “Ол уяты болсо тана албайт” дегенди бекем карманып, сотко арыз берчү болсо өзү эле барып, “онун кылган-эткендеринин баки-жогун” жашырбай айтып берерин кайталап, гезитке жарыяланчу материалга коюлчу элементардуу эреже-шартты авторубузга түшүндүрө албай телефонду койдум. Каттагы жазылгандарды такташ үчүн сот эжеге да телефон чалдым. А киши макалада айтылгандарды кыскача айтып бергенимди угуп, “ушинтип жазыптырбы” деп бир алдын таң калып, экинчи жагынан катылуу сырды аччудан бетер: “Бу катты чыгарбай койсо болбойбу”,- деди да телефонун коюп койду.
Бир жерде жашаган эки аялдын табышмактуу суроо-жоопторунан соң макала жарыяланбай дагы кыйлага кармалып калды. А бирок райондук сотто иштеген аялдын кимди канча жылга кайсы кылмышы үчүн соттогонун эринбей жазып чыккан автордун макаласын таштап койбой, кийинчерээк редакциялап, түшүндүрмөсү менен жарыяладык. Бирок да аябай чочулаган катыбыз чуу жаратпады. Макалада сынга алынган сот каяша деле айткан жок, биздин гезиттен акыйкаттык издеген автор да кийин кат жазбады.
Соттук доо арыздан кутулганда
Бир ирет мага узундан узун кат колума тийип калды. Кат Кыргызстанды башкарган төбөлдөрдүн бири тууралуу экен. Кыбырап жүрүп бийликтен бийликке жогорулаган аткаминердин кандайча төрөлгөнү, бирөөлөргө жасаган кастыгы, иши кылып, абройлуу аксакалды аябай көөлөгөн, кара боекту болушунча шыбаган, апачык эле жаманатты кылууну көздөгөн материал экен. Кыязы, аксакалдан учурунда ыдык көргөн бирөөбү же аны жеринен жактырбаган кексе адамдардын тукуруусу мененби, иши кылып, чоң бийликтин тизгинине илешип жүргөн төбөлдөрдүн бирөөнөн кези келгенде кагаз аркылуу “өч алгысы” келген неме болсо керек.
“Алдырар күнү жаздырар” демекчи, узун кулач катты кыскартып редактирлөөгө тапшырган кызматкерибиз ал күнү ачкыл суудан татып калып өз алапайын таппай турган кези экен, материалды оңдобой-этпей терүүгө жөнөтүп ийиптир. Ошентип, чуулгандуу материал гезитке чыгып кетти. Соттордон жүрөкзаада болгон жаныбыз тымпыйып тынып отурабыз. Макала чыгып, унут болуп калган кезде жок жерден караланган аксакалдын өкүлү редакцияга келди. Аны-муну кеп салып отуруп, бир убакта ал киши келген сырын ачып: “Беке, аксакал капа болуп атат, сотко берем дейт”,- деп калды. Мен сотко берсе а киши сөзсүз утуп аларын, анда талаш жогун, ансыз деле ушу материал чыккандан бери чийки май жегендей жаман болуп жүргөнүмдү айтып, соттошсо а кишинин жүйөөсү туура болорун айтып, бирок бул иштин чуусу катуу чыгарын, ушак таппай тургандарга кудай бетин салбасын той түшүп каларын, биздин гезитти окубагандар издеп жүрүп таап окушарын, жанагы чуулгандуу макаланы көчүрүп алып кеп кылышарын, жок жерден уу-дуу жараларын, ушунун баары а кишиге керекпи деген суроону төкпөй-чачпай ал кишиге айтып барышын өтүндүм.
Аткаминердин өкүлү ал күнү айтайынчы деп кеткен. Анан да бир күнү келет: —Беке, аксакал анда гезит аркылуу кечирим сурашсын,- деп атат. –Антсек балээнин баары кайра башталбайбы, ушак таппай тургандар, “ой, мынабу балакеттер, эмне кылышты экен, карасаңар, аксакалдан кечирим сурап алышыптыр, эмне кылышкан экен” деп гезитти издеп тиги макаланы таап, ошондо чоң уу-дуу чыкпайбы, — десем дагы кеткен. Ошону менен жок жерден башталчу кезектеги чуудан аман калдык. Бирок да колуна алган иштин баарын так аткарып, аны менен эле тим болбой, аларды кагазда түшүртүп кол койдуртуп, мөөрүн бастыртып алмайын ыраазы болбогон камдуу аксакал акыры ошо чыккан макаланын четине редакция атынан кечирим суратып жаздыртып алып, доо арыз жазбай турган болду.
Бекташ Шамшиев