Аскарбек Шадиевдин иши. Арсен Закиров акчаны кайтарып берген

Аскарбек Шадиевдин иши. Арсен Закиров акчаны кайтарып берген Бишкек шаарынын Биринчи май райсотунда ЖК экс-депутаты Аскарбек Шадиевдин иши боюнча сот болууда. Анда күбө болгон Иш башкармалыгынын кызматкери Мураталы Рыспеков  Арсен Закиров Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка берилчү каражатты адаттагыдай Айтматовдун туулган күнүнө, 12-декабрда эмес, андан эртерээк, сентябрь айында берилсин деген Аскарбек Шадиевдин катын алып келгенин билдирди.

Ал каражат эрте бөлүнбөй турганын айтканда, Арсен Закиров Рыспековду бул боюнча сөгүш алып каласың деп коркутуп, ал кездеги спикер Чыныбай Турсунбеков менен макулдашып, акчаны алып кеткен. Бирок ошол алган 30 млн сом жетчү жерине жетпегени аныкталган.

Хамзан Токтосунов аттуу күбө да Закиров акчанын тез берилишнн талап кылганын айтты.

Кубанычбек Муратлиев аттуу күбө 1 млн 750 миң сомду Арсен Закиров ага берип,  ЖК кассасына төлөп коюуну өтүнгөнүн, бирок бухгалтерия андан ал акчаны албай койгонун билдирди.

Сот учурунда Арсен Закиров ага кылмыш козголгон учурда ал каражатты кайтарып бергени маалым болду.

Бул боюнча кылмыш иши 28-апрелде козголгон. 27-апрелде Шадиев Баткен облусунун Исфана шаарына туугандарынын тажиясына барып, андан ары Лейлек районунун Арка айылынын тушунан мамлекеттик чек арадан Тажикстан тарапка мыйзамсыз өтүп кеткен. 28-апрелде, кылмыш иши козголгондон кийин Шадиев Хужант-Москва  авиакаттамы аркылуу Кыргызстандын дипломатиялык паспорту менен жөнөп, андан ары Нью-Йоркко учуп кеткен.

Жакындары Шадиев дарыланууга кеткенин, 1-2 жумада кайтып келерин айткан, бирок ал дагы эле тергөө органдарынан жашырынып жүрөт. Ошого байланыштуу издөө жарыяланды», — деп  УКМК  билдирүү тараткан.

КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы үчүн былтыр Жогорку Кеңештен бөлүнгөн 30 миң доллар уурдалганы быйыл жыл башында ачыкка чыккан. Буга байланыштуу Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, аны УКМКга өткөрүп берген. Натыйжада парламенттин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров камакка алынган. Акча кымырылып кеткен маалда комитетти Аскарбек Шадиев башкарып турган.

31-майда УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы ошол иштин алкагында Шадиевге Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде айып такты.

Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту ага карата «камакка алуу» бөгөт чарасын сыртынан чегерди.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты