Ибраимов, Исанов, Ахунбаев, Кулатовго Баатыр наамын ыйгаруу сунушталды

 

Ибраимов, Исанов, Ахунбаев, Кулатовго Баатыр наамын ыйгаруу сунушталдыДепутат Акылбек бүгүн, 22-ноябрдагы ЖК жыйынында Сооронбай Жээнбековдун белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовдун 90 жылдыгын белгилөө салтанатында, эгер парламент тиешелүү мыйзамга түзөтүү киргизсе, ага “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын ыйгаруу берүү сунушун колдоого алууну кесиптештерин чакырды.

Ошону менен катар, депутат тунгуч премер-министр Насирдин Исановго жана КР Улуттук илимдер академиясынын алгачкы президенти, жүрөккө алгачкылардан болуп операция жасаган  дарыгер Иса Ахунбаев дагы жогорудагыдай наамга татыктуу экенин кошумчалады.

Депутат Канатбек Исаев мындай наам Жогорку Советтин Президиумунун төрагасы кызматында 33 жыл иштеген Төрөбай Кулатовго да ыйгарылышы керектигин билдирди.

Мындай  демилгелерди депутат Таалайбек Масабиров да колдоду.

Архивдик сүрөт. Кыргыздын көрүнүктүү инсандары.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты