КМШ Коопсуздук Кеңеш катчылары жолугушту

КМШ Коопсуздук Кеңеш катчылары жолугуштуКыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев  21-ноябрнда Москвада Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин коопсуздук кеңеш катчыларынын жолугушуусуна катышты.

Жолугушууга  биздин мамлекттен тышкары Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова, Тажикстан жана Өзбекстандын коопсуздук кеңештеринин катчылары катышты.

Ооганстандагы абал, КМШга мүчө мамлекеттеринин кызыкчылыгыга коркунучтар жана чакырыктар, биологиялык коопсуздуктун жаңы коркунучтары, алдын -алуу, террористтик ишмердикти каржылоону алдын- алууга биргелешип иштөөнүн багыттары боюнча талкуу болду.

Ошондой эле КМШ жана ЖККУ өлкөлөрүнүн Батыш мамлекеттери жана НАТО блогу менен кызматташууну активдештирүү жана кылмыштуу максаттарда маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонууга каршы туруудагы россиялык демилгелер боюнча маалымат угулду.

КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев аймактык кызматташуу маселелери боюнча Казакстан жана Өзбекстандын Коопсуздук кеңештеринин катчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Бул туралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты