Ош мэриясы Таалайбек Сарыбашев Россия жараны эмес деди

Ош мэриясы Таалайбек Сарыбашев Россия жараны эмес дедиОш мэри Таалайбек Сарыбашевдин жарандыгы тууралуу маселе парламенттин талкуусуна дагы чыгып, депутат Ирина Карамушкина анын жарандыгы текшерилиши керектигин бүгүн, 22-ноябрдагы, ЖК жыйынында билдирди.

“Орусиянын Салык кызматынын сайтында Таалайбек Сарыбашевге 2016-жылдын ноябрында орус паспорту берилгени жазылган. Азыркы туруктуу жашаган жери Новосибирск деп көрсөтүлгөн. Тактап айтканда, Орусиянын Федералдык Салык кызматы аны орус жараны катары билет. Кыргызстандын мыйзамдары боюнча чет элдик жаран жетекчилик кызматтарда иштей албайт.

Ошондуктан, мен УКМК төрагасынан Сарыбашев кандай негизде Ош облусунун губернатору болуп, Ош шаарынын мэри кызматын ээлеп отурганын текшерүүнү өтүнөм,-” деди депутат Ирина Карамушкина.

Буга чейин ЖМКда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев орус жарандыгын алган деген маалыматтар чыккан. “ПолитКлиника” медиасы да бул боюнча орус ЖМК фактчекингине таянып, иликтөө жарыялаган.

Анда Ош мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров мэр Сарыбашаевдин орус жарандыгы жок экенин билдирген.

«Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов ошол көрсөтүлгөн жылдары мигрант болуп жүргөн. Бирок Орусиянын жарандыгын алган эмес. Социалдык тармактарда жана айрым сайттарда чыккан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул жалган маалымат», — деди Азамат Абсаттаров “ПолитКлиника” медиасына. .

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты