Келаткан жылды Экология жылы деп жарыялоону сунушталды
- 6 лет мурун
- Баяндар
«Жаратылыш кооздугун, курчап турган чөйрөнүн тазалыгын сактоо ааламдашуу заманында өтө маанилүү. Ошондуктан, биз экологияга аяр мамиле кылуубуз керек». Бул тууралуу депутат Рада Туманбаева Жогорку Кеӊеш жыйынында, бүгүн, 22-ноябрда билдирди.
«Аймактарды өнүктүрүү жылы аяктап барат. Ошондон улам, келерки жылды Экология жылы катары жарыялоо сунушун бергим келет. Анткени экология жаатында чечиле турган көйгөйлөр көп», — деди депутат.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!