Бишкектеги Кыргыз-Түрк достук ооруканасында ички органдарды трансплантациялоо боюнча операциялар жасала баштайт

  • 1 год мурун

Ушул жылдын август айында Бишкектеги Кыргыз-Түрк достук ооруканасынын базасында ички органдарды трансплантациялоо боюнча биринчи операцияны өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу аталган ооруканын жетекчилиги 16-июнда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өткөн кеңешмеде маалымдаганын президенттик администрациядан билдиришти.

«Оорукананын жетекчилиги мекеме мындай операцияларды жасоого даяр экенин, бул үчүн керектүү ресурстар бар экенин маалымдады. Үстүбүздөгү жылдын август айында органдарды трансплантациялоо боюнча биринчи операцияны өткөрүү пландалууда. Келечекте бул оорукана Борбор Азиядагы алдыңкы медициналык борбор болуп, ага башка өлкөлөрдүн муктаждыгы бар жарандары келе алышат«, — деп айтылат маалыматта.

Кыргыз-Түрк достук ооруканасы 2017-жылы Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) колдоосу менен курулган.

Оорукана 72 кишиге эсептелген. Анын ичинен 21 реанимация керебети, ангиограф, компьютердик томография, магниттик-резонанстык томография, маммография, рентген жабдуулары, УЗИ, гастроскоп, эхокардиограф жана башка диагностикалык аппараттар бар.

Оорукананы башкаруу боюнча эки тараптуу келишим ратификация болбогондуктан, анын курулушу 2017-жылы бүткөнүнө карабай 2020-жылы гана ишке берилген. Жыйынтыгында, келишим 2021-жылы ратификация болгон. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты