Баткен: кагылышта жабыркаган үйлөрдү куруу үчүн тартылган компанияга кылмыш иши козголду

  • 1 год мурун

Баткенде өткөн жылы сентябрдагы куралдуу кагылыштан жабыр тарткан курулуштарды калыбына келтирүү үчүн тартылган “Келечек ЛТД” курулуш компаниясына алдамчылык боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Милициянын маалыматына караганда, компаниянын үстүнөн Баткен шаарынын жашоочулары арызданып кайрылган. Алар компания жалпы 5 млн 347 миң 330 сомдук курулуш материалдарын алып, акчасын бербей койгонун билдиришкен.

Бул факты боюнча ушул жылдын май айында Кылмыш-жаза кодексиинин 209-беренесинин 3-бөлүмүнүн («Алдамчылык») негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөө учурунда “Келечек ЛТД” жооптуу өкүлү Ш.Н. шектүү катары суракка алынып, камакка алынган. Экинчи шектүү “Келечек ЛТД” курулуш компаниясынын өкүлү М.А. боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Азыркы учурда аталган кылмыш ишинин алкагында келтирилген чыгымдарды өндүрүү жана мыйзам чегинде тергөө боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты